Саламаттыкты сактоо министрлиги кара тумоо боюнча казак адистерине Ысык-Көл облусунда ооруканага жаткырылгандардын анализин иликтөөгө убактылуу уруксат берди.
Ооруларды алдын алуу жана медициналык көзөмөл жүргүзүү департаментинин директору Төлө Исаков Kloop.kgге берген маегинде казак адистери эки күндөн бери Кыргызстанда экенин билдирди.
«Учурда биздин лабораторияда Казакстандын эки адиси иштеп жатат. Аларда [Казакстанда] аянтынын 40 пайызы кара тумоо очогу болуп эсептелет, ошондуктан аларда тажрыйба көп», — деди Исаков.
Департамент директорунун айтымында, казак адистери 22-августта өспүрүмдүн кара тумоонун бубон формасынан улам каза болгонуна тынчсызданып жатышат.
«Миграция өтө чоң, «Ак-Жол» [чек ара өткөрмө пункту] аркылуу эле күнүнө 30 миңдей киши өтөт», — деп түшүндүрдү Исаков.
Департамент директору өспүрүм каза болгондон кийин Кыргызстанда кара тумоо менен ооруган башка адамдар катталбаганын дагы бир жолу ырастады.
Алты күн өз алдынча дарылоо
15 жаштагы Темирбек Исакунов 22-август күнү кечинде кара тумоонун бубон формасынан улам каза болгон. Ал ооруну Ысык-Көл облусунун чыгышындагы Оттук өзөнүндө кара тумоонун табигый очогунан жуктуруп алган болушу мүмкүн.
Дарыгерлер бала ооруну бүргөнүн чагып алуусунан улам жуктуруп алган деп эсептеп жатышат.
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Жугуштуу оорулар кафедрасынын жетекчиси Айнура Кутманова кара тумоодон каза болгон ал өспүрүмдү алгач үй шартында дарылоого аракет кылгандыктарын, ооруканага оору жуккандан алты күн өткөндөн кийин гана жеткиришкендигин билдирди.
«Алгач баланы үйдө дарылоого аракет кылышкан. Анда без шишиктери пайда болуп кеткен. Ошондуктан аны куткара албай калышты», — деген ал 26-августтта журналисттер менен болгон жолугушуусунда.
Эпидемия болбойт
Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилиги бубон формасындагы кара тумоо адамдан адамга оңой менен жукпагандыктан массалык эпидемия болбостугун айтып, кыргызстандыктарды ишендирүүдө.
«Каза болгон балада аныкталган формасы кара тумоо катары таркабайт. Ошонуктан мен эпидемия болбойт деп ишенимдүү айта алам», — деп билдирген саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева.
Бирок ошентсе да өспүрүм каза болгондон кийин Ысык-Көл облусундагы эки ооруканага 162 киши жаткырылган болчу — алар каза болгон өспүрүм менен карым-катнашта болгондор же кара тумоого окшогон оору белгилери бар адамдар болушкан..
Жалпысынан абал турукташкандыктан жана андан башка оорулуулар аныкталбагандыктан карантин 30-августта аяктап, оорулуулар үйлөрүнө кое берилиши керек.
Кара тумоо менен болгон окуя коңшу Казакстандын бийлигин тынчсыздандырып, алар кыргыз-казак чек арасындагы санитардык көзөмөлдү күчөтүшкөн.
Автор: Мария Гребнева