Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти: Кара тумоо жуктуруп алгандар жок

Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башчысы Төлө Исаков Ысык-Көл облусунда кара тумоону жуктуруп алгандар жок экенин жана бүгүнкү күндөн тарта карантинге жайгаштырылган адамдарды ооруканадан чыгарып баштай тургандыктарын билдирди.

Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Төлө Исаков kloop.kgге берген маегинде кара тумоодон улам каза болгон өспүрүм менен карым-катнашта болгондордун эч кимисинен оорунун белгилери аныкталбагандыгын билдирди.

«Башка ооруган адамдар аныкталган жок. Азыр абал тынч», — деп билдирди Исаков.

Жалпысынан Ысык-Көл облусундагы эки ооруканага 162 киши жаткырылган болчу — алар каза болгон өспүрүм менен карым-катнашта болгондор же кара тумоого окшогон оору белгилери табылган адамдар болчу.

Исаковдун айтымында, бүгүнтөн тарта ооруканага жаткырылгандар үйлөрүнө чыгарыла баштайт.

«Карантиндин чектөөлөрүн алуу маселеси бүгүн чечилет. Эгер чектөөлөр бүгүн алына турган болсо ооруканадагылардын дарыланып жаткандарынан башкасынын бардыгы үйлөрүнө кое берилет»,— деди ал.

Алгач ооруканаларда карантин бүгүнкүгө чейин, тактап айтканда, 30-августка чейин жарыяланган болчу.

29-август күнү кечинде бир катар маалымат каражаттары ооруканага жаткырылгандардын арасынан кара тумоого шектелген бир адам аныкталгандыгы тууралуу билдирүү таратышкан, бирок сатитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти ал маалыматты четке какты.

Ошентсе да Кыргызстандын бийлиги ооруканага жаткырылгандардын анализин иликтөө үчүн коңшу Казакстандын кара тумоо боюнча адистерин чакырган.

15 жаштагы Темирбек Исакунов оорунун белгиси пайда болгондон алты күн өткөндөн кийин 22-августта кара тумоонун бубон формасынан улам каза болгон.

26-августта Саламаттыкты сактоо министрлиги өспүрүмдүн кара тумоодон улам каза болгонун ырастагандан кийин коңшу өлкөлөрдүн бийлиги чек арадагы санитардык көзөмөлдү күчөтүшкөн.

Бирок Кыргызстандын бийлиги кара тумоонун бубон формасынын адамдан адамга жугушу өтө сейрек кездешээрин айтып, башынан эле өлкөдө эпидемия болбостугун билдирип чыккан.

Автор: Карина Жолдошева

Сүрөттө: кара тумоого каршы күрөшүү боюнча 2013-жылдын май айында өткөрүлгөн окутуу