Ысык-Көл облусунун ооруканалары кара тумоонун бубон формасынан улам каза болгон өспүрүм менен карым-катнашта болуп карантинге жайгаштырылган 162 адамдын 150сүн үйлөрүнө кое берди.
Өспүрүмдүн кара тумоодон каза болушунан улам ооруканага жаткырылган адамдардын көбү үйлөрүнө кое берилди, бирок жугуштуу оорулар бөлүмүндөгү карантин уланууда — бул тууралуу Kloop.kgге берген маегинде Ак-Суу райондук ооруканасынын директору Эсенаман Абдыканов билдирди.
«Азыркы учурда бала менен карым-катнашта болгон дагы он киши калды, анткени алар ооруканага бир аз кечирээк жаткырылган болчу. Алар жугуштуу оорулар бөлүмүндө, эгер эч кандан кооптуу оору белгилери пайда болбосо бүрсүгүнү чыгарабыз», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.
Оорукана директорунун айтымында, эгер жети күндүн ичинде оорулуу менен карым-катнашта болгондордо эч кандай оору белгиси байкалбаса аларда ооруканадан чыгарышат.
«Эгер жети күндүн ичинде карантинге жайгаштырылгандардын температуралары жогорулабаса аларды ооруканадан чыгара берсе болот. Ал күндөрү алар антибиотиктер менен профилактикалык дарылануудан өтүшөт жана күнүнө эки жолудан температуралары өлчөнүп турат. Ооруканадан чыгаардан мурда алар жуунуп, таза кийимдерди кийиши зарыл, а кийип жүргөн кийимдерин дезинфекция кылуу үчүн калтырышат», — деди ал Kloop.kgнин кабарчысына.
Өспүрүмдүн каза болушу
Болжол менен ооруну бүргөнүн чагып алуусунан жуктуруп алган Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ичке-Жергез айылынын жашоочусу Темирбек Исакунов 22-август күнү кечинде кара тумоонун бубон формасынан улам каза болгон.
Бала менен карым-катнашта болуп карантинге жатып чыккан оорукананын директору 15 жаштагы өспүрүм ооруканага келгенде дене температурасы нормалдуу эле болгонун эскерет.
«Менин оюмча ал ысыкты төмөндөтүүчү дары ичип алган окшойт», — деди Абдыканов.
Бул өз кезегинде так диагноз коюууда, андан кийин баланын өлүмүнүн себептерин аныктоодо кыйынчылыктарды жараткан. А өлүмдүн себеби кара тумоо болгондугу расмий түрдө баланын денесин ачкандан кийин 26-августта айтылган.
Баланын туулуп өскөн айылында карантин 4-сентябрга чейин узартылды, бул убакыттын ичинде Ак-Суу районунда дарыгерлердин үймө-үй кыдырып түшүндүрүү иштери улантылат.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө карата райондун жашоочуларынын 92 пайызы текшерүүдөн өткөн жана аларда кара тумоонун эч кандай белгилери аныкталган эмес.
Алгач Кыргызстандын бийлиги эпидемия болуу коркунучу жок экенин билдирген — кара тумоонун бул формасынын адамдан адамга жугушу өтө сейрек кездешет.
Бирок кээ бир жалпыга маалымдоо каражаттары — өзгөчө Орусия менен Казакстандын ММКлары — Исакунов менен болгон окуяны эпидемия коркунучу бар жана анын коңшу өлкөлөргө жайылуусу мүмкүн деген өңүттө чагылдырышкан.
Өкмөт мындай билдирүүлөрдү сынга алып, эч кандай коркунучтунтун жоктугуна ишендирүү үчүн Кыргызстанга Казакстандан медициналык эксперттерди чакырган болчу.
Автор: Айкерим Молдалиева