Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысынын милдетин аткаруучу Елена Баялинова өкмөт аны Ысык-Көл облусундагы өспүрүмдүн кара тумоодон каза болушун өтө эле «ачык» чагылдырды деп айыптап жатканын билдирди.
Kloop.kg порталына берген маегинде Баялинова Саламаттыкты сактоо министрлигине өкмөттөн басма сөз кызматынын жетекчисин «ордуна коюу» талабы менен телефон чалуулар болгонун айтты.
«Ачык, таза» ишибиздин айынан дүйнөлүк ММКларда дүрбөлөң башталды деп бизди айыптап жатышат», — деди Баялинова.
Басма сөз борбордун жетекчиси кара тумоо боюнча кыргызстандыктарга маалымдоону жарандык милдети катары эсептегендиктен «акылсыз жетекчилердин акылсыз көрсөтмөлөрүн» аткарбай тургандыгын билдирди.
«Көп жылдардан бери мен Кыргызстандын жөнөкөй жарандарынын кызыкчылыктары үчүн иштеп келем. Менин оюмча, алардын өз саламаттыгы тууралуу чындыкты билүүгө укуктары бар», — деди Баялинова.
Ал кээ бир учурларда кара тумоо боюнча бурмаланган маалымат берип жаткан чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарын тынчытууну министрликтин милдетине кирбейт деп эсептейт.
«А чет элдик ММКларды жоошутуу үчүн Ак үйдүн басма сөз кызматы эмне кылды? Бул биздин милдет эмес да. Биздин милдет — өзүбүздүн медицина жагыбыз боюнча комментарий берүү», — деди Баялинова.
Өкмөттүн басма сөз катчысы Нурзада Токтогулова күтүлгөндөй эле министрлер кабинети тарабынан министрликтин басма сөз кызматына басым болгондугун четке какты.
«Ага карата эч кандай басым жасалган эмес», — деди өкмөттүн басма сөз катчысы Kloop.kgге берген маегинде.
ЖМКлар Баялинова тарапта
Kloop.kgнин кабарчылары тарабынан сурамжыланган Кыргызстандын медиа коомчулугунун өкүлдөрү Баялинова тарапта экендиктерин айтышты.
«Кандайдыр бир кыйроо болсо жашыргыдай биз Советтер Союзунда жашабай элебиз. Албетте мүмкүн Кыргызстандын бедели үчүн анча жакшы болбогондур [кара тумоо менен болгон окуя], бирок мен Саламаттыкты сактоо министрлиги баарын туура кылды деп ойлойм», — деди Knews маалымат агенттигинин башкы редактору Дарья Мамонтова Kloop.kgге берген маегинде.
«Эгер баардыгы унчукпай коюшканда мындан да жаманыраак болмок», — деп кошумчалады ал.
Анын кесиптеши, «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасынын башкы редактору Дина Маслова да ушундай эле пикирди карманат.
«Баялинова Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы катары корпоративдик эрежелердин алкагында, тиешелүү деңгээлдеги профессионалдуулукта иштеди деп ойлойм. Эми абал мындан ары кандай болот билбейм, бирок өкмөт ШКУнун [Шанхай кызматташтык уюмунун] саммитинин алдында дүрбөлөңдөн кооптонуп, кээ бирде анча-мынчасын айтпай жашыргандай сезилип жатты», — деди Маслова Kloop.kgге берген маегинде.
Баялинованын «Фэйсбуктагы» баракчасына да медиа коомчулуктун бир нече өкүлү кара тумоо боюнча күн сайын таратылган маалыматы үчүн ыраазычылык билдирген билдирүүлөрүн калтырышкан – 26-августтан баштап министрликтин басма сөз кызматы Ысык-Көл облусундагы кара тумоо боюнча күн сайын маалымат таратып турган болчу.
Айкалыштын жоктугу
Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө кара тумоо эпидемиясынын болбой тургандыгын айтып, кыргызстандыктарды ишендирүүгө аракет кылган алгачкы мамлекеттик мекеме болгон — бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы өкмөт тараптан эч кандай билдирүү жасала электе эле билдирген болчу.
Баялинова өкмөттү 22-августта Ысык-Көл облусунда кара тумонун бубон формасынан 15 жаштагы Темирбек Исакунов каза болгондон кийин басма сөз кызматындагы ишти айкалыштырган эмес деп айыптоодо.
«Алар 28-августка чейин бизге телефон чалып, ишти айкалышыруу боюнча бир дагы жолу өз кызматтарын сунушташкан жок», — деди Баялинова Kloop.kgге берген маегинде.
Анын айтымында, прездент Алмазбек Атамбаевдин басма сөз катчысы Кадыр Токтогулов окуя боюнча өзү тиешелүү деңгээлде кабардар болгон эмес.
Баялинова билдиргендей, 27-августта — өспүрүмдүн чындыгында эле кара тумоодон каза болгондугу саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан расмий ырсталгандан бир күн өткөндөн кийин — Токтогулов кара тумоонун ырасталган-ырасталбагандыгы тууралуу андан сураган.
Kloop.kgнин редакциясы бул боюнча Токтогуловдун өзүнөн комментарий ала алган жок, анын телефону өчүк болуп жатты.
Авторлор: Бектур Искендер жана Хлоя Гейне