Биринчи май райондук соту «Кумтөр» компаниясынын жетекчилигинен «акча талап кылган» деген шек менен кармалгандарды эки айга камакка алуу өкүмүн чыгарды. Иш боюнча тергөө 28-октябрга чейин аякташы керек.
«Кумтөрдүн» жетекчилигинен акча талап кылган деп шектелип жаткан Бактияр Курманов менен Эрмек Жунушбаевдер тергөө абагына камалышты — бул маалыматты Kloop.kgге берген маегинде Биринчи май райондук сотунун төрагасынын жардамчысы Адыл Эсенбаев ырастады.
Курманов менен Жунушбаев 28-октябрга чейин камакта болушат.
Комментарий алуу үчүн шектүүлөрдүн жактоочулары жеткиликсиз болууда.
Курманов менен Жунушбаев май айында «Кумтөргө» каршы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда өткөн митингдердин уюштуруучулары болушкан. Анда нааразычылык акциясынын жүрүшүндө митинг катышуучулары кендин электр жарыгын өчүрүп, милиция менен тирешүүгө чейин барышкан.
«Кумтөрдүн» саясатына нааразы болгон алар кыргыз-канада компаниясы тарабынан алардын районго инвестициянын көп болушун талап кылышкан.
Видео тасмадан кийин кармалышкан
Алар август айынын соңунда – атайын кызматтагылар тарабынан Курманов менен Жунушбаев митингдердин токтошу үчүн алтын өндүрүү компаниясынын жетекчилигинен 3 млн. АКШ долларын талап кылып жаткандыгы тартылган видеону жарыялагандан кийин кармалышкан.
Эгер алар акча албай калышса Кыргызстанда «жарандык согуш» баштап, «революция» кыла тургандыктарын айтышкан.
Видео тасманын жарыяланышы Кыргызстанда чон резонанс жараткан, а Жети-Өгүз районунун жашоочулары 29-август күнү кечинде жол тосууга чейин барышкан.
Жунушбаев Курманов менен «Кумтөрдөн» акча талап кылбагандыгын айтып, тасмада көрсөтүлгөндөрдү «монтаж» деп атаган.
Ага карабай УКМК видео жарыяланаары менен дароо факты боюнча кылмыш ишин козгогон, бирок Курманов менен Жунушбаевдер атайын кызматтагылар тарабынан бир суткадан кийин гана кармалышкан.
Автор: Александра Ли