Оппозиция атайын кызматтагылар тарабынан жарыяланган видеону «кара пиар» деп атады

Оппозициялык «Ата-Журт» партиясынын лидерлеринин бири Садыр Жапаров мамлекеттик төңкөрүш боюнча пландар жөнүндөгү жарыяланган видеону атайын кызматтагылар тарабынан жасалган «кара пиар» жана «фантастика» деп атады.

Жарыяланган видеодо аты-жөнү көбүрөөк айтылган Садыр Жапаров Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде бийлик ал видеону «оппозицияны элге жаман көрсөтүү» үчүн жарыялаганын айтты.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2-сентябрь күнү кечинде тараткан видеодо оппозиция өкүлү Эрланбек Өмүралиев учурдагы бийликти кулатуу боюнча пландарын айтып, анын уюштуруучуларынын бири катары Жапаровду атаган.

Жапаров Өмүралиев менен жакында эле, андан оппозициянын Соң-Көлдөгү курултайына чакыруу келгенде гана таанышканын билдирди.

Ал Өмүралиев видеодо айткандай курултайдын уюштуруучуларынын жана демөөрчүлөнүнүн бири эмес экенин айтып, ал жакта болгону конок гана болгонун билдирди.

«Мен ал жакка конок катары баргам. Катыштым да кайра келдим. Ал жерде эч кандай операции-моперация болгон эмес», — деди оппозиционер Kloop.kgге берген маегинде.

«Юпи» операциясы

УКМКга көрсөтмө берүү үчүн өз каалоосу менен барган Өмүралиев оппозициянын пландап жаткан жакынкы аракеттери катары Кыргызстандын түндүгүндө жолдорду буу жана жергиликтүү тургундардын арасында башаламандыктарды пайда кылуу үчүн Нарын дарыясын цианид менен уулоо боюнча «Юпи» деген аталыштагы операция өткөрүү пландарын айткан.

Өмүралиевдин айтымында, мунун баарын 8-сентябрдан 10-сентябрга чейин ишке ашыруу пландалган.

Жапаров бул айыптоолорду четке кагууда.

«Силер УКМКнын кызматкерлерине чалып суроо берип көргүлөчү — мына тигил баланын айтымында [Эрланбек Өмүралиевдин], биз 8чи, 9чу жана 10-сентябрь күндөрү ал айткандай порошок төгүү боюнча «Юпи» деген операцияны пландап жатыптырбыз. Беш күн калды, эмнеге бизди күтүп туруп кылмыш үстүнөн кармашкан жок деп?» — деди оппозиционер.

Жапаров учурда оппозициянын парламенттик көпчүлүк коалициясынын курамындагы «Ата-Мекен» партиясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгы тууралуу Өмүралиевдин айткандарын четке какты.

Оппозиционер ошондой эле тарапташтары менен бирге мындан ары да «Кумтөр» кенинин улутташтырылыш талап кылаарын билдирди.

Өмүралиевдин айткандары тартылган видео 2-сентябрь күнү Коомдук биринчи каналдын эфиринде көрсөтүлгөн. Видео телеканалга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан берилген.

УКМКнын басма сөз кызматынын өкүлү Тилек Чокморов Kloop.kgге берген маегинде учурда кошумча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, видео тасмадагы маалымат текшерилип жаткандыгын жана азырынча кылмыш иши козголо электигин билдирди.

Автор: Александра Ли