Өкмөттүн басымынан улам Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы кызматынан кетти

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысынын милдетин аткаруучу Елена Баялинова өкмөт тараптан болгон басым жасоолордон улам кызматынан кетти.

Баялинова министрликтин басма сөз борборунун башчысы кызматынан өз каалоосу менен кеткендиги жөнүндө Facebook социалдык түйүнү аркылуу билдирди. Анын айтымында, кызматтан кетүүсүнө президент менен өкмөттүн басма сөз кызматтары тараптан болгон басым жасоолор себеп болгон.

«Мен өкмөттүн басма сөз кызматынан келип жаткан көрсөтмөлөр менен аракеттер боюнча өз позицияман баш тарта албайм, тарткым да келбейт. Бир четинен, — мен өтө сыйлаган саламаттыкты саактоо министри Динара Сагынбаеваны жаман абалда калтыргым келбейт», — деп жазган басма сөз катчы.

Баялинова кара тумоонун чыгышынан улам жалпыга маалымдоо каражаттарындагы «дүрбөлөң» саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борборунун аракеттеринен улам пайда болгон деген президент менен өкмөттүн басма сөз кызматтарынын айыптоолору менен макул эмес экенин билдирди.

«Азыр абал мындай болууда, президент менен өкмөттүн басма сөз кызматтары кара тумоо боюнча чыккан дүрбөлөң дал силерден башталды, профессионалдуу иштеген жоксуңар деп бизди айыптап, бул үчүн саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору, анын ичинде менин жоопкерчиликке тартылышымды каалап атышат. Ошондуктан бүгүн алар менен макулдашпай туруп маалымат берүүбүзгө тыюу салышты», — деп жыйынтыктады басма сөз катчы.

Кара тумоо боюнча иш-чаралардын токтотулушу

Өкмөт Саламаттыкты сактоо министрлигинин кара тумоо жөнүндө элдин алдына чыгып маалымат берүүсүнө тыюу салып, ооруну талкуу боюнча өткөрүлө турган иш-чаралардын бардыгын болтурбай койду.

Күндүн биринчи жарымында Саламаттыкты сактоо министрлиги Ысык-Көл облусундагы кара тумоонун жайылып кетүүсүнө жол бербөө боюнча аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын өткөрүүнү пландап жаткан.

Кечинде Коомдук биринчи каналдын эфиринде министрлик өкүлдөрүнүн катышуусунда «Ой Ордо» ток-шоусу өтүшү керек болчу.

Иш-чаралардын болбой калышынын себептери боюнча бийлик тараптан эч кандай түшүндүрмө берилген эмес.

Өкмөт тараптан басым жасоо

Бүгүнкү аракеттер министрликтин басма сөз борборунун жетекчиси Елена Баялинова Ысык-Көлдө өспүрүм баланын кара тумоодон каза болушу боюнча маалымат тараткандыгы үчүн ага өкмөт тараптан басым болуп жатканын билдиргенден эки күн өткөн соң болууда.

Баялинова 2-сентябрда Kloop.kgге берген маегинде өкмөттүн өкүлдөрү аны өспүрүм кара тумоодон каза болгондон кийинки күндөрү өтө эле ачык, таза иштегендиги үчүн айыптап, «ордуна коюп коюууларын» өтүнүшкөндүгүн билдирген болчу.

Өз кезегинде медиа-коомчулук Саламаттыкты сактоо министрлигин жактап жатат — Kloop.kg тарабынан сурамжыланган Кыргызстандын ири интернет-басылмаларынын редакторлору министрликтин басма сөз борборунун ачык саясатын колдой тургандыктарын айтышты.

Буга чейин өкмөттүн басма сөз катчысы Нурзада Токтогулова министрлер кабинети тараптан басма сөз кызматтын башчысына карата басым жасоолор болгондугу тууралуу айтылган маалыматты четке каккан.

«Ага карата эч кандай басым жасалган эмес», — деген өкмөттүн басма сөз катчысы Kloop.kgге берген маегинде.

Комментарий алуу үчүн президенттин басма сөз кызматы жеткиликсиз болууда.

Эпидемия болгон жок

Саламаттыкты сактоо министрлиги башында эле билдиргендей, Кыргызстанда кара тумоо эпидемиясы болгон жок — 22-августта, Ысык-Көл облусунун чыгышында кара тумоодон 15 жаштагы Темирбек Исакунов каза болгондон кийин оору жуктуруп алган башка адамдар аныкталган жок.

160тан ашык киши каза болгон өспүрүм менен карым-катнашта болгондугу үчүн же шектүү оору белгилери болгон үчүн ооруканага жаткырылган болчу.

Бирок жыйынтыгында алардын биринен да кара тумоонун бубон формасынын белгилери аныкталган эмес, бүгүнкү күнгө каратаалардын 153ү ооруканадан чыгарылган.

Автор: Александра Ли

Сүрөт Баялинованын «Фейсбуктагы» эккаунтунан алынды