«Кумтөрдөн» акча талап кылууга шектелип жаткандардын коомдук жактоочулары эгер өкмөт алтын өндүрүүчү компаниянын акциясындагы Кыргызстандын үлүшү боюнча маселени чечпесе айылдаштары митингге чыга тургандыктарын билдиришти.
«Акча талап кылган» деген шек менен кармалгандардын коомдук жактоочулары Кеңеш Жумабаев менен Кадырбек Үсөнбаевдер журналисттер менен болгон жолугушууларында эгер өкмөт 10-сентябрга чейин «Кумтөрдөгү» акциялардын үлүшү боюнча макулдашуу маселесин чечпесе Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылынын жашоочулары митингге чыга тургандыктарын билдирди.
«Биз «Кумтөр» маселесинин кыргыз элинин пайдасына чечилиши үчүн чыгабыз. Өкмөт бул маселени 10-сентябрга чейин чечүү убадасын берген. Эгер чечилбесе биз митингге чыгабыз», — деди кармалгандардын өкүлдөрүнүн бири.
Коомдук жактоочулар биргелешкен жаңы ишканадагы Кыргызстандын үлүшү эң аз дегенде 67 пайыз болушун талап кылып жатышат.
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин акыркы билдирүүлөрүнө ылайык, Кыргызстан компаниянын акцияларынын жарымына ээ болушу мүмкүн. Азыр мамлекет ишкананын акцияларынын үчтөн бир бөлүгүнө гана ээлик кылат.
«Кумтөргө» каршы буга чейин Жети-Өгүз районунда өткөн митингдердин уюштуруучулары — Эрмек Жунушбаев менен Бактияр Курмановдор — алардын «Кумтөр» компаниясынын жетекчилигинен 3 млн. доллар өлчөмүндөгү каражат талап кылып жаткандыгы тартылган тасма жарыялангандан кийин кармалышкан.
Бул үчүн алар алтын өндүрүүчү компанияга каршы өтчү митингдерди токтотууну убадалашкан, а эгеракча албай кала турган болушса Кыргызстанда «жарандык согуш» баштап, «революция» кыла тургандыктарын айтышкан.
Соттун чечими менен алар 28-октябрга чейин камакта болушат.
Май айында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда өткөн митингдин жүрүшүндө нааразы болгондор кендин электр жарыгын өчүрүп, милиция менен тирешүүгө чейин барышкан болчу.
Автор: Хлоя Гейне