Саламаттыкты сактоо министрлигине эл алдына чыгып кара тумоо жөнүндө айтууга тыюу салынды

Саламаттыкты сактоо министрлиги өз өкүлдөрүн кара тумоого байланыштуу өткөрүлчү иш-чараларга катыштырбайт. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, мындай чечимдин кабыл алынышына «жогору жактагылардын көрсөтмөсү» себеп болгон.

Эң аз дегенде 4-сентябрга белгиленген  министрликтин өкүлдөрүнүн катышуусундагы эки иш-чара болбой калды.

Күндүн биринчи жарымында Саламаттыкты сактоо министрлиги Ысык-Көл облусундагы кара тумоонун жайылып кетүүсүнө жол бербөө боюнча аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын өткөрүүнү пландап жаткан.

Кечинде Коомдук биринчи каналдын эфиринде министрлик өкүлдөрүнүн катышуусунда «Ой Ордо» ток-шоусу өтүшү керек болчу.

Бул иш-чаралардын болбой калгандыгы тууралуу 4-сентябрь күнү эртең менен белгилүү болду.

«Иш күнү бүтүп калганда жогору жактан маалымат жыйынын өткөрбөй эле коюу боюнча көрсөтмө келди. Ошол эле саатта Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистеринин катышуусунда КТРКнын эфиринде өтүшү керек болгон «Ой Ордо» ток-шоусу да болбой тургандыгы жөнүндө уктук», — деп билдиришти министрликтин басма сөз кызматынан.

Kloop.kgнин редакциясы түшүнгөндөй, Саламаттыкты сактоо министрлиги «жогору жактан» деген сөз менен Кыргызстандын өкмөтүн айткысы келген болушу керек.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борборунун өкүлүнүн айтымында, иш-чаралардын болбой калышынын себептери боюнча бийлик тараптан эч кандай түшүндүрмө берилген жок.

Телеканалга басым жасоо

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусундагы КТРКдагы ток-шоунун болбой калгандыгын «Ой Ордо» программасынын редакциясынан ырасташты.

Бул окуялар министрликтин басма сөз борборунун жетекчиси Елена Баялинова Ысык-Көлдө өспүрүм баланын кара тумоодон каза болушу боюнча маалымат тараткандыгы үчүн ага өкмөт тараптан басым болуп жатканын билдиргенден эки күн өткөн соң болууда.

Баялинова 2-сентябрда Kloop.kgге берген маегинде өкмөттүн өкүлдөрү аны өспүрүм кара тумоодон каза болгондон кийинки күндөрү өтө эле ачык, таза иштегендиги үчүн айыптап, «ордуна коюп коюууларын» өтүнүшкөндүгүн билдирген болчу.

Өз кезегинде медиа-коомчулук Саламаттыкты сактоо министрлигин жактап жатат — Kloop.kg тарабынан сурамжыланган Кыргызстандын ири интернет-басылмаларынын редакторлору министрликтин басма сөз борборунун ачык саясатын колдой тургандыктарын айтышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан кара тумоо маселеси боюнча эл алдында маалымат берүүгө тыюу салынышы боюнча маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нурзада Токтогулова гана комментарий бере алаарын билдиришти.

Токтогулова Kloop.kgнин кабарчысына бир аздан кийин чалуусун өтүнүп, бирок андан кийин телефонун албай койду.

Эпидемия болгон жок

Саламаттыкты сактоо министрлиги башында эле билдиргендей, Кыргызстанда кара тумоо эпидемиясы болгон жок — 22-августта, Ысык-Көл облусунун чыгышында кара тумоодон 15 жаштагы Темирбек Исакунов каза болгондон кийин оору жуктуруп алган башка адамдар аныкталган жок.

160тан ашык киши каза болгон өспүрүм менен карым-катнашта болгондугу үчүн же шектүү оору белгилери болгон үчүн ооруканага жаткырылган болчу.

Бирок жыйынтыгында алардын биринен да кара тумоонун бубон формасынын белгилери аныкталган эмес, бүгүнкү күнгө карата алардын 153ү ооруканадан чыгарылган.

Авторлор: Бектур Искендер жана Эльдияр Арыкбаев