Мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов бийликти кулатуу боюнча оппозициянын пландарына эч кандай тиешеси жоктугун билдирди.
Жекшенкулов журналисттер менен болгон жолугушуусунда бийликти кулатуу боюнча оппозициянын пландары айтылган видеону — «саясий буйрутма» деп атады.
Видео тасмада Соң-Көлдөгү курултайдын уюштуруучусу Эрланбек Өмүралиев оппозициянын Ысык-Көлдө митинг өткөрүү жана Нарын дарыясына химиялык заттарды төгүү боюнча пландарын айтып жаткандыгы тартылган.
ТИМдин мурунку башчысы атайын кызматтагылар Өмүралиевге карата басым жасаган болушу мүмкүн деп болжолдоодо.
«Кечээ УКМКда мени менен ар бир кадамын жетекчилик менен макулдашып жасаган жапжаш тергөөчүлөр сүйлөшүштү. Бул саясий буйрутма эмеспи? Ал эмес алар Өмүркуловдон көрсөтмөлөрүнөн баш тартпай тургандыгы жөнүндө жазуу түрүндө милдеттенме алышкан», — деди ал.
Жекшенкуловдун айтымында, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетиндеги сурак «болгону 15 мүнөткө» созулган — оппозициялык саясатчыга видеодо айтылгандарды ырастайсызбы деген бир гана суроо берилген, күтүлгөндөй эле саясатчы жооп катары ал пландарга тиешеси жоктугун билдирген.
«Менин билишимче, видеодо аты-жөнү аталгандардын бардыгы тең сурак берүү үчүн УКМКга чакырылышкан. Бирок кимисине кылмыш иши козголгонун билбейм», — деди ал.
Бийликти кулатуу боюнча оппозициянын пландары айтылган видеодо башка оппозиционерлерге караганда мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов менен парламенттин экс-депутаты Садыр Жапаровдун ысымдары көбүрөөк айтылган болчу.
Тасмада Соң-Көлдөгү курултайдын уюштуруучусу Эрланбек Өмүралиев оппозиция жергиликтүү тургундардын арасында башаламандыктарды пайда кылуу үчүн Кыргызстандын түндүгүндө жолдорду бууп жана Нарын дарыясын цианид менен уулантууну пландап жаткандыгы жөнүндө айткан.
Өмүралиевдин айтымында, бул пландардын бардыгы 8-10-сентябрь күндөрү ишке ашырылмак.
Автор: Хлоя Гейне