Бишкек: Белгисиз адамдар шаардын борборундагы жарыктандыруу жабдууларын уурдап кетишкен

3-сентябрь күнү түн ичинде белгисиз адамдар тарабынан Тынчтык проспектисинин көпүрөсүндөгү жарыктандыруу жабдуулары уурдалган. Бишкек мэриясы келтирилген чыгымды 14 миң сомго баалап жатат.

Тынчтык проспектисинин көпүрөсүндөгү жарыктандыруучу жабдуулардын уурдалышы Бишкек мэриясынын кыжырын келтирүүдө. Вице-мэр Олег Попиков Kloop.kgге берген маегинде уурулардын кылганына ачуусу келип жатканын билдирди.

«3-сентябрдан 4-сентябрга караган түнү 20 метр чубалма жарыктандыруу жабдуусу уурдалып, чырактар талкаланган. Ал жерде ошондой эле жөө адамдар өтчү жерди жарык кылып турган плафондорду талкалашкан», — деди Попиков.

Келтирилген чыгымдын суммасы 14 миң сомду түзүүдө. Попиков ууруларды кармоо үчүн учурда мэриянын басма сөз кызматы милиция менен биргеликте иштеп жатканын билдирди.

“Эгер шаардыктар тараптан колдоо болбосо бизде эмне болмок эле? Биз шаарды толугу менен жарыктандырып атабыз. Биз плафондор же жарык жабдуулардын ар биринин жанына бирден укук коргоо органын кое албайбыз да”, — деди вице-мэр.

Ал уурдалган жабдуу бүгүн эле алмаштырылаарын кошумчалады.

Жалпысынан Facebook социалдык түйүнүнүн колдонуучулары уурулардын бул кылганына нааразы болуп жатышат:

«Өтө өкүнүчтүү. Эгер түндө кимдир бирөө келип сенин эмгегиңди көңүл ачуу үчүн уурдап кетсе же талкалап жатса “аракет кылып эмне кереги бар?” деген суроо туулат экен. А муну ууруларга түшүндүрүштүн деле кереги жок. Анын түшүнүгү боюнча ал кыйын, анткени ал бул ишти кылды да», — деп жазган Kuba Asanbaev деген колдонуучу.

Ал эми Stacy Shahi аттуу колдонуучу укук коргоо органдарынын эмне себептен ууруларды кылмыш үстүнөн кармабагандыгына таң калууда:

«А менттер каякта эле? Кээ бирде үй коңузундай толтура болуп калышат, кээде таптакыр издеп таппайсың… өкмөттүк жол экен да. Жазасыздык — Кыргызстандын эң башкы көйгөйү, эч нерседен коркушпайт», — деп жазган колдонуучу.

А кээ бирлери тамашап, аларды шылдыңдашкан:

«Алар жиндилер экен!!!! Люктарды уурдаш керек болчу, аларды жок дегенде сатса болот))))», — деп жазган Керимбек Чынгызов.

Автор: Айкерим Молдалиева