Кара тумоодон көз жумган өспүрүм менен байланышта болгондордун бардыгы ооруканадан чыгарылды

Кара тумоого шектелип ооруканага жаткырылгандардын акыркы төртөө Ак-Суу райондук ооруканасынан чыгарылышты. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, ал жактагы карантин чектөөлөрү алынды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Шабдан Рыскулов Kloop.kgге берген маегинде кара тумоодон улам каза болгон ысык-көлдүк бала менен карым-катнашта болгондордун акыркы төртөө Ак-Суу аймактык ооруканасынан чыгарылганын билдирди.

«Аларда оорунун жоктугуна жана алар өздөрүн жакшы сезип жаткандыгына ынангандан кийин чыгарышты», — деди Рыскулов.

Ал дарыгерлер ооруканага жаткырылгандардын акыркыларын чыгаргандан кийин Ак-Суу аймактык ооруканасындагы карантинди алып салуу чечими кабыл алынганын билдирди.

«Облустук штабдын чечими менен Ак-Суу аймактык ооруканасындагы карантин чектөөсү алынды», — деп кошумчалады басма сөз катчы.

Өспүрүмдүн каза болушу

Болжол менен ооруну бүргөнүн чагып алуусунан жуктуруп алган Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ичке-Жергез айылынын жашоочусу Темирбек Исакунов 22-август күнү кечинде кара тумоонун бубон формасынан улам каза болгон.

Алгач Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилиги эпидемия болуу коркунучу жок экенин билдирген — кара тумоонун бул формасынын адамдан адамга жугушу өтө сейрек кездешет.

Бирок кээ бир жалпыга маалымдоо каражаттары — өзгөчө Орусия менен Казакстандын ММКлары — Исакунов менен болгон окуяны эпидемия коркунучу бар жана анын коңшу өлкөлөргө жайылуусу мүмкүн деген өңүттө чагылдырышкан.

Өкмөт окуянын мындай чагылдырылышын сынга алып, аларды коркунучтун жоктугуна ишендириш үчүн Казакстандан медициналык адистерди чакырган болчу.

Автор: Мария Гребнева