Өкмөт «кара тумоого байланыштуу бардык маалыматтар» боюнча комментарий берүүдөн баш тартып жатат

Өкмөттүн басма сөз кызматынын өкүлү «кара тумоого байланыштуу болгон бардык маалыматтар» боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын өкүлү Мэлис Эржигитов Kloop.kgге берген маегинде министрлер кабинети «кара тумоого байланыштуу болгон бардык маалыматтар» боюнча комментарий бербестигин билдирди.

Эржигитов: «Мен комментарий берип атып чарчадым. Биз комментарий бербейбиз, макулбу? Мен комментарий бербейбиз деп так айтпадымбы, бүттү».

Kloop.kg: «Макул, а сиз…»

Эржигитов: «Мен айтпадымбы, кара тумоого байланышкан кандай гана маалымат болбосун комментарий бербейбиз деп, макулбу?»

Kloop.kg: «А кара тумоого кыйыр түрүндө байлынышы бар нерселер боюнча комментарий бересизби?»

Эржигитов: «Жок, комментарий бербейбиз, рахмат».

Kloop.kg: «Эмнеге?»

Эржигитов: [трубканы коюп койду]

Басма сөз кызматтын өкүлү саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү менен өкмөттүн басма сөз борборунун башчысы Нурзада Токтогулованын катышуусунда өтүшү керек болгон КТРКдагы ток-шоунун болбой калышы боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Эфирдин болбой калышынын себептери боюнча бийлик тараптан эч кандай түшүндүрмө берилген эмес.

Маектешүү үчүн Токтогулова эки күндон бери жеткиликсиз болууда, а Эржигитов бул маселе боюнча да комментарий берүүдөн баш тартты.

Kloop.kg: «Дагы бир жолу саламатсызбы, бул Александра Kloop.kgден».

Эржигитов: «Мен сизге айтпадым беле комментарий бербейм деп».

Kloop.kg: «Мен сизден кара тумоо жөнүндө сурайын дебей элем».

Эржигитов: «Эмне жөнүндө?»

Kloop.kg: «Мен сизден КТРКга басым жасоо боюнча сурайын деп аттым эле, чындыгында эле КТРКга басым жасадыңар беле?»

Эржигитов: «Жок ай» [трубканы коюп койду].

Акыркы күндөрү өкмөттүн басма сөз борбору коомчулук менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын сынына катуу сынына кабылган.

Буга Саламаттыкты сактоо министрлигинин эл алдына чыгып кара тумоо оорусу боюнча маалымат берүүсүнө тыюу салынышы себеп болгон. Бул өз кезегинде КТРКда өтүшү керек болгон ток-шоунун болбой калышына жана министрликтин басма сөз борборунун жетекчисинин милдетин аткаруучу Елена Баялинованын кызматтан кетишине алып келген.

Саламаттыкты сактоо министрлиги башында эле билдиргендей, Кыргызстанда кара тумоо эпидемиясы болгон жок — 22-августта, Ысык-Көл облусунун чыгышында кара тумоодон 15 жаштагы Темирбек Исакунов каза болгондон кийин оору жуктуруп алган башка адамдар аныкталган жок.

160тан ашык киши каза болгон өспүрүм менен карым-катнашта болгондугу үчүн же шектүү оору белгилери болгон үчүн ооруканага жаткырылган болчу. Бирок жыйынтыгында алардын биринен да кара тумоонун бубон формасынын белгилери аныкталган эмес, бүгүнкү күнгө каратаалардын 153ү ооруканадан чыгарылган.

Автор: Александра Ли