ШКУнун саммитинен кийин «Манас 2» терминалы туруктуу каттамдын жүргүнчүлөрү үчүн ачылат

«Манас» аэропортунун жетекчилиги ШКУнун саммитинен кийин жаңы «Манас 2» терминалы туруктуу каттамдардын жүргүнчүлөрүн кабыл ала баштаарын айтып убада берүүдө.  Учурда аэропорт өкмөттүк чиновниктер менен өзгөчө маанилүү инсандарды кабыл алууда.

«Манас Эл аралык аэропортунун» вице-президенти Нурлан Мамыров Kloop.kgге берген маегинде 13-14-сентябрь күндөрү Кыргызстанда өтө турган ШКУнун (Шанхай кызматташтык уюму) саммити бүткөндөн кийин «Манас 2» терминалы туруктуу каттамдардын жүргүнчүлөрүн кабыл алып баштаарын билдирди.

«Азыр биз каттамдарынын бардыгын ушул терминал аркылуу өткөрүү боюнча бир нече компания менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Макулдашууга келсек ал авиакомпаниянын бардык жүргүнчүлөрү — актары да, каралары да, байы да, кедейи да — бүт баары ушул терминал аркылуу өтүп калышат», — деди Мамыров.

Ал аэропорт бир айдан бери өзгөчө маанилүү инсандарды (VIP) кабыл алып жатканын билдирди

«Технологиялык чынжырчаны сынап көрүү үчүн биз азыр VIP-жүргүнчүлөрдү, тактап айтканда, кошумча ыңгайлуулуктар үчүн кошумча акча төлөөгө макул боло турган адамдарды өткөрүп жатабыз», — деди аэропорттун вице-президенти.

Азыр «Манас 2″ терминалында тейленип жаткан жүргүнчүлөр бир миңден беш миң сомго чейинки каражат төлөшөт:

  • Эл аралык каттамдардын жүргүнчүлөрү — 5 миң сом;
  • Ички каттамдардын жүргүнчүлөрү — 2 миң сом;
  • 3 жаштан 12 жашка чейинки балдар үчүн — 50 пайыздык арзандатуу;
  • 3 жашка чейинки балдар үчүн — акысыз;

«Манас 2» терминалы 2012-жылдын октябрь айынын башында ачылган болчу. Толугу менен жабдылбагандыктан 2013-жылдын августуна чейин пайдаланылган эмес.

Анын курулушу жана тийиштүү жабдуулар менен камсыздалышы үчүн 1 млрд 200 млн сом жумшалган.

Автор: Александра Ли