Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы Аалы Токомбаев көчөсүндөгү капиталдык оңдоо иштери октябрда бүткөрүлөөрүн билдирди. Буга чейин борбордук мэриянын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы оңдоо иштери 31-августка карата аяктай тургандыгын айтан болчу.
Бишкек мэриясынын басма сөз катчысы Чынара Усупбаева Kloop.kgге берген маегинде «Жаңы жол» деген ат менен белгилүү Токомбаев көчөсүн оңдоо октябрдын аягында бүткөрүлөөрүн билдирди.
«Эгер аба ырайы ыңгайлуу шарт түзүп берсе жана аргасыз жагдайлар болбосо Аалы Токомбаев көчөсүн октябрдын ортосунда же аягында оңдоп бүтүү пландалып жатат», — деди Усупбаева.
Учурда Токомбаев көчөсүнүн Байтик Баатыр жана Нуркамил көчөлөрүнүн аралыгындагы негизги бөлүгү ачык, бирок экинчи асфальт төшөлмөсү салынып жаткандыктан 12-кичи райондун ары жагындагы бөлүгү дагы деле жабык.
Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Абдыжапаркул Жанболотов комментарий берүүдөн баш тартып, оңдоо иштерин аяктоо мөөнөтүнүн жылдырылышынын себептерин түшүндүргөн жок. Буга чейин ал «Жаңы жолду» оңдоо иштери августтун аягына чейин бүткөрүлүшү керектигин айткан болчу.
Токомбаев көчөсү — калк жыш жайгашкан кичи райондор менен шаардын борборун байланыштырып турган Бишкектин түштүк тарабындагы негизги жолдордун бири болуп эсептелет.
Бирок «Жаңы жолдун» өткөн кылымдын 80-жылдарында курулгандыгына карабастан ал бир дагы жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Жолду капиталдык оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын 25-мартында башталган.
Шаар бийлиги буга чейин жолдун чуңкурларын бүтөө менен гана чектелип келген. Бирок эреже катары кыштан кийин жер кыртышынын бузулушунан улам дал ошол оңдолгон чуңкурлардын айланасында жаңы, андан тереңирээк жарылуулар пайда болчу.
“Жаңы жолдун” эң көйгөйлүү жери болуп бийлик оңдоп баштаган батыш бөлүгү эсептелинип келген.
Автор: Эльдос Казыбеков