Баткен району: Ок астында калган үй-бүлөнүн аман калган мүчөсү «оор абалда»

5-сентябрдан 6-сентябрга караган түнү Баткен районунун Кара-Булак айылында жашаган үй-бүлөнү белгисиз адамдар атып кетишкен. Алты кишиден турган үй-бүлөнүн төрт мүчөсү каза болгон, алардын ичинде бир жашаар баласы да бар болгон. Тирүү калгандардын бири «оор» абалында облустук ооруканага жеткирилген.

Тирүү калган үй-бүлө мүчөсү 6-сентябрь күнү Баткен облустук ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жеткирилген.

Kloop.kgнин кабарчысы байланышкан оорукана  кызматкеринин айтымында, аман калган адамдын абалы «оор» деп бааланып жатат.

Медициналык мекеменин кызматкери жабырлануучу тууралуу азырынча айтууга «укугум жок деп» кошумча маалымат берүүдөн баш тартты.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан аман калган 1959-жылы туулган үй ээси экенин билдиришти.

“Төрт адамдын каза болгондугу жөнүндө маалыматтар бар, үй-бүлөнүн эң кичүү мүчөсү 2012-жылкы болгон. Экөөсү — учурда ооруканада жаткан 1959-жылы туулган үй-бүлө башчысы менен анын 2010-жылкы небереси аман калышкан. Небереси жабыркаган эмес”, — деп билдиришти ИИМден.

Басма сөз кызматтын маалыматы боюнча, аткылоо жөнүндөгү маалымат милицияга бүгүн эртең менен саат 9да келип түшкөн — окуя тууралуу үй-бүлөнүн коңшулары билдиришкен.

ИИМде азырынча кылмышкерлердин ким экендигин жана анын себептерин билишпейт, тергөө иш-чаралары жүрүүдө.

Автор: Айкерим Молдалиева