Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги россиялык депутат Владимир Жириновскийдин Кыргызстанда расмий иштер менен алектенүүсүнө тыюу салды. Бул чечим орус саясатчысы Орусия алдындагы карызы үчүн кыргыздардан Ысык-Көлдү алууну сунуштагандан кийин кабыл алынган.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын аты-жөнүн билдиргиси келбеген өкүлү Жириновский буга чейин мекеме билдиргендей “персона нон-грата” деп эмес, «өлкөдөгү ылайыксыз, жагымсыз инсан» деп жарыяланганын билдирди.
«Ылайыксыз, жагымсыз инсан жана персона нон-грата деген башка-башка түшүнүктөр, мага жооптуу департаменттен ушинтип түшүндүрүштү. Ылайыксыз, жагымсыз инсан — бул өлкөдө расмий ишмердүүлүк менен алектене албаган, расмий ишмерлер менен жолуга албаган адам [...], а персона нон-грата — таптакыр эле өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынган адам экен», — деди ал.
Бул май айында парламент Жириновскийди «ылайыксыз, жагымсыз инсан» деп жарыялоо чечимин кабыл алгандыгы үчүн жасалды.
«Биз жөн гана өкмөттүн токтомун аткардык», — деди мекеменин басма сөз катчысы.
Кыргызстандын парламенти Жириновскийди 15-майда эле “персона нон-грата” деп жарыялаган.
Анда мындай чечим мамлекеттик ДУМАнын жыйынында ал Кыргызстан Россиянын кайтарымсыз жардамына «көнүп калганын» айтып, карыздары үчүн Ысык-Көлдү алууну сунуштагандан соң кабыл алынган болчу.
«Ал жерде пайдалуу — алтын, уран жана башка — кендер гана бар эмес, суу ресурсун пайдаланууга мүмкүнчүлүк бар. Булардын баары кымбат, алар түшүнүп жатышат, эгер анын бардыгын бергилери келишпесе анда Ысык-Көлдү беришсин», — деген сунуш киргизген депутат анда, бул тууралуу анын партиясынын сайтында жазылган.
Жириновскийдин өзү болсо «ИТАР-ТАСС» маалымат агенттигине берген маегинде ал билдирүүсү расмий түрдө айтылбагандыктан кыргыз бийлиги анын өлкөгө кирүүсүнө тыюу сала албастыгын билдирген болчу.
«Бул маселени чечпейт, алардын муну кылууга негизи эле укуктары жок болчу, анткени ал расмий билдирүү эмес болгон», – деп жазган маалымат агенттиги саясатчынын айткандарын.
Кыргызстандын карызын кечүү
Россия 2012-жылдын күз айларында Кыргызстандын дээрлик 500 миллион доллар карызын кечкен – ал өлкөнүн тарыхында эң көп суммадагы кечилген карыз болуп калган.
Ал сумманын 189 миллиону расмий түрдө 20-сентябрда кечилген, калган 300 миллион карызды Россия 2016-жылдын баштап 10 жылдын ичинде эсептен чыгарат.
Бирок карызды кечүүнү кайтарымсыз деп айтууга болбойт — макулдашууга тараптардын биргелешип Кыргызстандын аймагында Жогорку Нарын гидроэлектростанциялар каскады менен «Камбарата-1» ГЭСин куруу шарты менен кол коюлган.
2012-жылы тараптар ошондой эле Кыргызстандын түштүгүндө бириккен Россия аскер базасын ачуу жөнүндө макулдашышкан.
2012-жылдын июль айына карата Кыргызстандын тышкы карызы 2 миллиард 800 миллион АКШ долларын түзгөн.
Автор: Александра Ли