Куугундан качкан айдоочунун номурун кайтарып берүүнү буйурган милиционер кызматынан алынды

Шаардык ички иштер башкармалыгы кол алдындагы кызматкерге Назгүл Чодронованын унаа номурун кайтарып берүүнү буйурган милиционерди кызматынан кетирди. Чодронова «Лексус» үлгүсүндөгү унаасы менен милиция куугунунан качып, андан кийин ИИМде байланыштары бар экенин айтып тескөөчүлөрдү коркуткан болчу.

Жол кайгуул кызматынын пресс-релизинде Чодроновага номурун кайтарып берүү буйругун Оторов аттуу улук тескөөчү бергени жазылган.

Ал ээлеген кызматынан бошотулду.

Оторов июлда, Чодронова милиция куугунуна кабылгандан көп өтпөй эле тартип бузган.

Жол кайгуул кызматынын тескөөчүлөрү Чодронова каршылаш тилкеге чыга калып, жөө адамдар жүрчү жол жээги менен жүрүп 3-4 жолу эреже бузгандан кийин аны бир нече жолу токтотууга аракет кылган.

Милиционерлер ал Бишкектин короолорунун бирине токтогондо гана кубалап жеткен.

Чодронованын унаасынын номурун чечип алышкан соң ал ички иштер министри Абдылда Суранчиев тууганы болоорун айтып, ошондой эле Бишкек ШИИБсинин башчысы Мелис Турганбаев менен тааныш экенин билдирип Жол кайгуул кызматынын өкүлдөрүн коркуткан.

Окуя видеокамерага тартылып алынган, бирок тасма сентябрдын башында гана интернетке жайгаштырылган.

Видеону көрүү:

Тескөөчү ал күнү Чодронованын унаасынын номурун алып кетип калган, бирок бир нече күндөн кийин Оторовдун буйругу менен номурду кайтарып берип, айдоочунун жол эрежесин бузгандыгы боюнча рапорт түзгөн эмес, ошондой эле номурдун алынгандыгы жөнүндөгү маалыматты каттаган эмес, бул үчүн ага сөгүш жарыяланды.

«Ал [тескөөчү] алынган мамлекеттик номур белгисин кайтарып бериши керектиги боюнча өзүнүн түздөн-түз командиринен буйрук алган. Анан Жол кайгуу кызматынын тескөөчүсү командиринин талабын аткарган», — деп жазылган мекеменин пресс-релизинде.

Жол кайгуул кызматы Оторовду кызматынан кетүүрүдөн сырткары Чодроновага каршы административдик иш козготууга жетишкен, эми иш сотко жөнөтүлөт.

Өзүн күнөөлүү эмесмин деп эсептөөдө

Чодронова Kloop.kgге берген маегинде күч тузүмдөрүнүн башчылары менен эч кандай тууганчыл байланышы жок экенин билдирди.

«Чынын айтсам, Суранчиев менен Турганбаев мага эч ким эмес. Жөн гана МАИ кызматкерлерин коркутуп койгум келген», — деген ал.

Чодронова өзүн күнөөлү деп эсептебей эле.

«Мен мойнума алам, коопсуздук курун тагынбай калгам. А менин алдымды бир унаа светофор сары күйүп турганда өтүп кетсе МАИ кызматкерлери эч нерсе кылышкан жок. Мен курду тагынаарымды айтып, алардан сары күйүп турганда өтүп кеткен айдоочуну эмнеге кармаган жоксуңар деп сурадым, а алар “ал биздин ишибиз” деп жооп беришти», — деген ал Kloop.kgге берген маегинде.

Бирок интернет коомчулук жалпысынан Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери тарапта болушуп, «Фэйсбуктагы» комментарийлеринде Чодронованын орой, адепсиз экенин белгилешип, ага карата айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу сыяктуу көптөгөн жазаларды сунушташкан.

Автор: Алексей Ким