Алдыда өтө турган акыйкатчыны шайлоого көз салып жаткан активисттер талапкерлерди тандоо мыйзам бузуулар менен өтүп жаткандыгын билдиришип, шайлоо процессин токтотуп турууну талап кылышты.
Акыйкатчыны шайлоодо байкоочу катары чыгып жаткан укук коргоочу Азиза Абдирасулова талапкерлерди тандоодо көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталгандыгын билдирди.
Байкоочулардын дооматтарынын негизгилеринин бири — депутаттардын талапкерлерди кароодогу шалакы мамилелери.
Абдирасулова менен анын кесиптештеринин пикиринде, депуттар тарабынан акыйкатчылыкка талапкерлигин койгон адамдардын алып келген документтери каралып чыккан эмес, ошондой эле талапкерлердин ишбилгилигин баалоо үчүн аларга суроолор берилген эмес.
Байкоочу белгилегендей, акыйкатчылыкка талапкерлер депутаттардын алдында доклады менен чыгып сүйлөгөн да эмес.
Байкоочулардын дооматтары негизинен өлкөнүн башкы укук коргоочусун шайлоого жооптуу болгон парламенттин адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетине багытталган.
Аталган комитетти жетектеген «Ата-Мекен» фракциясынан депутат Эркинбек Алымбеков парламенттин дарегине айтылган сындарды негизсиз деп эсептей тургандыгын билдирди.
Анын айтымында, талапкерлер доклады менен депутаттардын алдында 10-сентябрь күнү эртең менен чыгып сүйлөшөт.
«Кара бөлмөдөн кара мышык издеп кереги жок, ал бөлмөдө кара мышык жок. Бардык ушактар менен мыйзам бузууларды кимдир бирөө ойдон чыгарып жатат», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.
Алымбековдун айтымында, акыйкатчылыкка талапкерлигин койгон 54 адамдын ичинен Нурлан Мотуев менен Игорь Трофимовдун талапкерлиги кабыл алынган эмес. Ал белгилегендей, экөө тең «улуттар аралык кастыкты козутуу» аракеттери үчүн тандоодон өтпөй калышкан.
Автор: Алексей Ким