Ооруларды алдын алуу жана экспертиза департаментинин башчысы 100дөн ашык киши ууланган «Енисей» кафеси Бишкектин Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматы тарабынан аныкталган бардык санитардык эреже бузуулар жоюлмайынча иштебей тургандыгын билдирди.
Департамент башчысы Төлө Исаков Kloop.kgге берген маегинде болжолдуу маалыматтар боюнча, даярдалган азыктардын бардыгы тең микробдор менен булгангандыгын айтты.
«Бардык эттен жасалган тамактарда, ошондой эле тооктун эти менен жумурткаларда бактериялар: стафилококк, сальмонелл жана ичеги таякчалары бар болгон», — деди Исаков.
Ал бактериялар менен булганган тамактардын бардыгы тең үй шартында жасалгандыгын билдирди. Айтымында, аларды кафеге келгендер өзүлөрү ала келишкен.
Ал кафе үйдөн жасалып келинген тамактарды кабыл албашы керектигин, бирок алар кардарларына үй шартында тамак жасап келүүгө мүмкүнчүлүк бергендиктерин кошумчалады.
«Бул өтө одоно эреже бузуу, аны менен катар кафенин ээси менен тейлөө кызматкерлери кээ бир адамдардын эч кандай медициналык көзөмөлсүз эле тейлөө иштерине катышуусуна мүмкүнчүлүк беришкен», — деди департамент башчысы.
Кафе 7-сентябрь күнү, Бишкектин ооруканаларына уулануу белгилери менен кафенин 120дан ашык кардары кайрылгандан соң жабылган болчу.
«Кафенин ээси айып пул төлөдү, а бул иш боюнча материалдар андан ары чараларды көрүү үчүн Бишкек шаардык прокуратурасына жөнөтүлдү» , — деди Исаков.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Шабдан Рыскуловдун айтымында, 6-сентябрь күнү кечинде «Енисей» кафесиндеги уулануудан кийин жабыр тарткандар учурда айыгып башташты.
Рыскулов ооруканага кайрылган 123 адамдын 82си ооруканага жаткырылганын, алардын 12си балдар жана 70и чоңдор экенин билдирди.
10-сентябрь күнү күндүз ооруканадагылардын 25и үйлөрүнө чыгарылган.
«Жабырлангандар учурда өздөрүн жакшы сезип жатышат, алар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Дары-дармек жетиштүү, бир дагы оорулуудан дарыга акча алынган жок, бардык керектүү каражаттар менен оорукана камсыз кылууда», — деди басма сөз кызматтын өкүлү Шабдан Рыскулов Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Алиевдин айткандарын кайталап.
Жабырлангандардын бардыгы тең өткөн аптада «Енисей» кафесиндеги үйлөнүү тоюнда болушкан.
Авторлор: Айшоола Айсаева жана Улан Мырза