Күрөш 2020-жылкы олимпиада оюндарынын программасында калтырылды

Эркин жана грек-рим күрөштөрү спорттун олимпиадалык түрү боюнча калды — ошентип, Эл аралык олимпиада комитети тарабынан күрөштү олимпиаданын программасынан алып салуу боюнча 2012-жылы кабыл алынган чечим жокко чыгарылды.

Күрөштү олимпиада оюндарынын программасына кошуу чечими Аргентинанын борбору Буэнос-Айрес шаарында өткөн Эл аралык олимпиада комитетинин 125-сессиясында кабыл алынды.

2020чы жана 2024-жылдардагы олимпиада оюндарынын программасына кирүүгө күрөш менен бирге буга чейин такыр программада болбогон же андан чыгарылганына көп убакыт болгон дагы жети спорттун түрү жарышка түшкөн.

Эл аралык олимпиада комитетинин мүчөлөрүнүн добуш берүүсүндө күрөш ишенимдүү жеңишке жетти — ал 24 добушка ээ болуп экинчи орунда калган бейсболдон дээрлик эки эсе көп – 49 добуш алды.

Кыргызстан үчүн бул чечим өтө чоң мааниге ээ, анткени өлкө өзүнүн олимпиадалык медалдарынын бирөөсүнөн башкасынын бардыгын дал күрөштөн жеңип алган.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Эл аралык олимпиада комитетинин чечимин кубаттады.

«Күрөш бизде спорттун негизги түрлөрүнүн бири болуп эсептелет. Акыркы убактарда кыргызстандык балбандар Азия биринчилиги, Казанда өткөн Бүткүл дүйнөлүк универсияда сыяктуу эл аралык ири мелдештерде бир топ жеңиштерге жетишишти», — деп жазган президенттин басма сөз кызматы өлкө башчысынын айткандарын.

Күрөш спорттун олимпиадалык түрүнөн 2012-жылы чыгарылган болчу, бул өз кезегинде олимпиаданын жаңы доору башталган 1896-жылдан бери жайкы олимпиада оюндарынын программасында туруктуу келе жаткан күрөштүн дүйнө жүзүндөгү улуттук олимпида комитеттерин таң калтырып, алар тараптан сындардын пайда болушуна алып келген.

Ошондой эле Эл аралык олимпиада комитетинин бүгүн кандай чечим кабыл алаарына карабастан күрөштү 2016-жылкы жайкы олимпиада оюндарынын программасында калтыруу чечим да кабыл алынган болчу.

Автор: Шахида Дүйшеева