Милиция Жол кайгуул кызматынын өкүлдөрүнүн куугунунан качып, аларды ИИМдеги байланыштарын айтып коркуткан айдоочу Назгүл Чодроновага карата 1000 сомдук айып пул белгиледи.
Бишкектин ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан Kloop.kgнин журналисттерине Чодроновага карата белгиленген айып пулдун өлчөмү Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекске ылайык белгиленгендигин билдиришти.
Чодроновага карата кылмыш иши козголгон жок.
Ошондой эле ал айдоочулук күбөлүгүнөн да ажыратылбайт.
«Чодронованын эреже бузуусу административдик эреже бузуу катары классификацияланат. Ошондуктан ага административдик айып пул жазылды. Анын эреже бузгандыгы светофордун кызылы жанып турганда өтүп кеткендиги жана токтоо буйругуна баш ийбегендиги. Мындай эреже бузуулар үчүн миң сомдук айып пул каралган. Ал айып төлөп унаасын алып кетти», — деди мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү.
Чодронова сентябрдын башында анын катышуусундагы милиция куугуну тартылган видео «Намба» видеосервисинде пайда болгондон кийин кыргыз интернет колдонуучуларынын арасында “атак-даңкка” ээ болгон.
Видеотасмада ал 2013-жылдын июлунда өзүнүн «Лексус» үлгүсүндөгү унаасын башкарып баратып милиция куугунунан жашырынууга аракет кылгандыгы көрсөтүлгөн.
Алгач Жол кайгуул кызматынын тескөөчүлөрү аны коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн токтотууга аракет кылышкан, бирок айдоочу алардын талаптарын тоотпой койгон соң артынан кууп жөнөшкөн.
Куугун маалында Чодронова эң аз дегенде эки жолу каршылаш тилкеге чыга калып, Токтогул көчөсү менен Манас проспектисинин кесилишинде жөө адамдар өтчү жер аркылуу жолду кыскартып бир нече жолу жол эрежесин бузган.
Милиционерлер ал Жаш Гвардия гүлбагындагы короолордун бирине токтогондо гана кубалап жетишкен.
Чодронова ИИМде байланыштары бар экенин айтып тескөөчүлөрдү коркуткан, качан милиционерлер анын унаасынын номерин чечип алышкан соң «Мелис байкеге» чала тургандыгын айткан — бул жерде ал Бишкек ШИИБсинин башчысы Мелис Турганбаевди айткысы келген деп болжолдоого болот.
Видео жарыялангандан кийинки жаңы териштирүүлө
Видео тартылгандан эки ай өткөндөн кийин гана жарыяланган — бул убакыттын ичинде Чодронова өзү Kloop.kgнин кабарчысына билдиргендей, милиция менен «достукта» чечишип алууга жетишкен.
Жол кайгуул кызматынын Оторов аттуу кызматкери Чодронованын артынан куугун уюштурган тескөөчүлөргө анын унаа номурун кайтырап берип коюу жана айдоочу тараптан бузулган эрежелер боюнча билдирүү жасабоо буйругун берген.
Тасма интернетте пайда болгондон кийин Жол кайгуул кызматы Оторовду кызматынан алып, айдоочу тараптан жол эрежесинин бузулгандыгы фактысы боюнча териштирүү иштерин демилгелеген.
Чодронованын өзү болсо видео жарыяланаары менен «Фэйсбук» социалдык түйүнү аркылуу Kloop.kgнин редакторуна өзүн күнөөлүү деп эсептебей тургандыгын жана ИИМде эч кандай байланыштары жок экенин жазып жиберген болчу.
Kloop.kgнин редакциясы айып пул төлөө белгиленгенден кийин андан интервью алууну пландаган болчу, бирок Чодронова өзүнүн социалдык түйүндөрдөгү профилдерин өчүрүп салгандыгы белгилүү болду.
Авторлор: Хлоя Гейне жана Бектур Искендер