«ШКУнун саммитинен улам» милиция жол эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөөгө жетишпей жатат

Жол кайгуул кызматы тескөөчүлөрдүн жетишсиздиги шаардагы унаа кыймылын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк бербей жатканын моюнга алды. Өз кезегинде кызматкерлердин жетишсиздиги алдыдагы Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине байланыштуу.

Жол кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Елена Аильчиева Kloop.kgге берген маегинде милиция шаардагы жол эрежелеринин бузулушу менен алектенүү үчүн ШКУнун саммитин таштап кете албастыгын билдирди.

Кабарчынын “Бишкектин борборундагы көчөлөрдүн улам-улам жабылышынан улам пайда болуп жаткан эреже бузууларды Жол кайгуул кызматы кандай көзөмөлдөп жатат” деген суроосуна Аильчиева төмөндөгудөй деп жооп берди:

«Силер азыр ШКУнун саммитин таштап коюп эреже бузуулар менен алектенүүнү сунуштап жатасыңарбы? Тилекке каршы, бизде бардыгына жетишкидей анча көп кызматкер жок».

Жетишпеген Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери ШКУ саммитинин алдында бош Абдрахманов көчөсүндө турушат. 11-сентябрь, эртең менен. Сүрөттүн автору: Бектур Искендер
Жетишпеген Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери ШКУ саммитинин алдында бош Абдрахманов көчөсүндө турушат. 11-сентябрь, эртең менен. Сүрөттүн автору: Бектур Искендер

Аильчиева милиция эрежелердин бузулушуна «мүмкүнчүлүгү жетишинче» көңүл бураарын кошумчалады.
Kloop.kgнин кабарчылары тарабынан Бишкектин борборунда катталган эң көп жол эрежесинин бузулушу — бул уруксат берилбеген жерлерге унаа токтотуулар болду.

Журналисттер 11-сентябрь күнү эртең менен «Айчүрөк» борбордук дүкөнүнүн чыгыш тарабындагы Шопоков көчөсүнүн унаалар өтүүчү бөлүгүнө ондогон айдоочулардын унааларын токтотуп койгондуктарына күбө болушту — болжол менен ошол эле маалда параллель жайгашкан Абдрахманов (Совет) көчөсүндөгү кыймыл токтотулган болчу.

«Айчүрөк» борбордук дүкөнүнүн жанындагы башаламан токтотулган унаалар. 11-сентябрь, эртең менен. Сүрөттүн автору: Бектур Искендер
«Айчүрөк» борбордук дүкөнүнүн жанындагы башаламан токтотулган унаалар. 11-сентябрь, эртең менен. Сүрөттүн автору: Бектур Искендер

Жөө жүрүү керек

Аны менен катар Кыргызстанга келген Кытай делегациясынын шаар аркылуу жүрүүсү үчүн көчөлөрдүн улам-улам тосулушу Бишкектин борборунда унаа тыгындарын пайда кылууда.

Шаар ичиндеги унаа кыймылын координациялоо үчүн борбордун тургундары популярдуу «Дизель» интернет-форумунда атайын тема ачышып, ал аркылуу шаардын кайсы көчөлөрү менен жүрүү керектиги жөнүндө маалыматтарды билдирип жатышат.

Эң жөнөкөй кеңеш BuldoJka деген колдонуучунун комментарийинде жазылган: «Балдар, унаа менен жүрбөгүлө», — деп жазган ал тема боюнча.

Бишкектин борборундагы Ибраимов көчөсүндөгү унаа тыгыны. 11-сентябрь. Сүрөттүн автору: Бектур Искендер
Бишкектин борборундагы Ибраимов көчөсүндөгү унаа тыгыны. 11-сентябрь. Сүрөттүн автору: Бектур Искендер

«Дизелчилер» жол кыймылы көйгөйүнөн сырткары ШКУнун саммитине байланышкан дагы башка көптөгөн ыңгайсыздыктарды билдирип жатышат.

Алсак, Lestella аттуу колдонуучу Бишкектин 10-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн бири түстүү лампа жарыктары менен көркөмдөлүп кооздолгонун сүрөттөп жазган. Кооздоонун себеби — үйдүн бет маңдайында «Ала-Тоо» ресторанынын жайгашышы, болжолдуу түрдө ал жакта саммиттин делегаттары кечки тамактанууда болушат.

«Кооздоо үчүн тагылган лампалар, [...] жайгашкан ордуна караганда түнү бою так көзгө жаркырап тийет окшойт», — деп даттанган колдонуучу.

Колдонуучулар Бишкек мэриясы борбордук көчөлөрдөгү күркөлөрдүн бардыгын четке алып салгандыктарын да байкашкан.

«Аларды бурчтарга алып салышыптыр. Саммиттен кийин кайрадан ордуларына коебу же мындан ары күркөлөр болбойбу?» — деп суроо салган Космополит аттуу колдонуучу.

Мамлекеттин кызыкчылыгы

vostok90 аттуу колдонуучу «Жал» кичи районунда көчөнү жарыктандыруунун начарлап кеткенине карабастан  бийликтегилердин саммиттин делегаттары гана көрө турган көчөлөргө көңүл буруп жаткандыктарына кыжырданууда.

«Бүткүл кичи районго болгону 3 лампа. Буга чейин бир дагы мэрдин убагында мындай болгон эмес… Бузулбаган лампаларды бурап чыгарып башка жактарга коюп койгондой сезилет экен», — деп нааразы болууда ал.

Өз кезегинде Жол кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Елена Аильчиева анын мекемеси түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн бишкектиктер менен шаардын конокторунан кечирим сурагандыгын айтып, шаар тургандарын түшүнүү менен мамиле жасап, «жарандык позициясын» көрсөтүүгө чакырууда.

«Бул саммиттин мамлекетибиздин кызыкчылыгында экени талашсыз жана муну түшүнүүбүз керек», — деп эсептейт ал.

Авторлор: Бектур Искендер жана Дарина Манасбекова