Жалданма компаниялар оңдоо иштеринен кийин жолдорго көз салып турууга милдеттендирилиши мүмкүн

Парламент депутаты Каныбек Иманалиев «Унаа жолдору жөнүндөгү» мыйзамга Кыргызстандагы жолдорду оңдоо иштери менен алектенип жаткан компанияларды оңдогон жолдорун талаптагыдай абалда 3 жыл кармап турууга милдеттендирчү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.

Иманалиевдин мыйзам долбоору парламенттик комитет тарабынан жактырылып, парламенттин биринчи окуусуна жөнөтүлдү.

Мыйзам долбооруна ылайык, Кыргызстанда жолдорду оңдоп жаткан жалданма компаниялар оңдоо иштери аяктагандан кийин жол төшөлмөсүнүн абалына дагы үч жыл көз салып, эгер сапаты начарлап баратса жаңылап турууга милдеттүү болушат.

Депутаттын өзү мындай сунуштун пайда болушуна «жолдордун эскирүү ылдамдыгы» менен курулуш иштеринин «талапка жооп бербеген сапаттары» себеп болгонун айтууда.

«[...] унаа жолдорун куруу, реконструкциялоо жана оңдоо иштерине кепилдик мөөнөттөрүн бекитүү максатка ылайыктуудай туюлууда», — деп жазган парламенттин басма сөз кызматы депутаттын айткандарын.

Үч жылдык кепилдиккөппү?

Бишкек-Ош унаа жолунун мамлекеттик дирекциясынын башчысы Алибек Альязов компаниялардын жолдорду мындай шарттарда оңдоого макул болушунан күмөн саноодо — анын айтымында, эл аралык стандарттарда бир жылдык гана кепилдик мөөнөт каралган.

«Эгер жол бир жылдын ичинде бузула турган болсо ага оңдоо иштерин аткарган жалданма компания жооп бериши керек. Чет элдик компаниялар жолду үч жыл карабайт», — деп божомолдоодо Альязов.

Бишкектин жолдорун оңдоо иштери менен алектенген «Аэродромдорстрой» компаниясы үч жылдык кепилдик мөөнөт — «өтө эле узак мөөнөт» экенин билдирди.

«Эң көп дегенде бир гана жыл. Үч жылдын ичинде жолдор кайра оңдоого өтө кыйын болгондой абалга жетип калышы мүмкүн. Үч жыл — бул өтө эле көп», — деди компаниянын өкүлү Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде.

Негизгисижолдордун сапаты

Жол оңдоо үчүн сунушталып жаткан кепилдик мөөнөтүнө компаниялардын макул болбой жатканы менен Kloop.kgнин кабарчысы тарабынан сурамжыланган унаа сүйүүчүлөр депутаттын демилгесин жактырып жатышат.

Айдоочу Марат эң негизгиси — жолдордун сапаты деп эсептейт.

«Эң башкысы мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин жолдор эптеп-септеп эле оңдолуп калбаса болду. А оңдогон компаниялар баары бир үч жылдан кийин оңдойбуз да деп айтышат», — деди айдоочу.

Унаа сүйүүчү Алексей да депутаттын сунушун колдойт.

«Жолдорду ар дайым оңдоп турушат, жумушчулар да ишеничтүүрөөк иштешет», — деп элестетет ал Иманалиевдин идеясынын ишке ашуусунун жыйынтыгын.

Кыргызстанда унаа жолдордун абалы — коомчулукта кеңири талкууга алынган көйгөйлөрдүн бири.

Бишкектин тургундары жергиликтүү бийликтин дарегине кыжырдануу сөздөрүн айтып, көптөн бери шаардагы жол төшөлмөлөрүнүн сапатына даттанып келишет.

Бишкектин мэриясы борбордун тургундары өткөргөн көптөгөн акциялардан кийин үстүбүздөгү жылдын жай айларында дароо шаардын бир нече негизги жолдорун оңдоп баштаган болчу.

Автор: Мария Гребнева