Бишкектин борборундагы унаа кырсыгына милиционердин катышкандыгы ырасталды

Бишкек ШИИБсинин басма сөз кызматы 11-сентябрь күнү түндө Бишкектин борборундагы унаа кырсыгынын катышуучусу болгон милиционер кызматынан алынышы мүмкүндүгүн билдирди. Окуя боюнча иштин материалдары Ленин райондук сотуна жөнөтүлдү.

БМВ жана «Хонда Стрим» үлгүсүндөгү унаалар Тынчтык проспектисиндеги көпүрөнүн алдынан 11-сентябрь күнү болжол менен түнкү саат 1:40тарда сүзүшүшкөн. Анын жыйынтыгында катуу жараат алгандар болгон эмес.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Kloop.kgге берген маегинде БМВ үлгүсүндөгү унааны милиция кызматкери башкарып бара жаткандыгын жана анын мас абалында болгондугун ырастады.

«БМВ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Жайыл РИИБсинин кызматкери болуп чыкты. Эки айдоочуну тең карап, текшерип чыкканда милиция кызматкеринин мас абалында болгондугу аныкталган», — деди басма сөз кызматтын өкүлү.

Ал окуянын чоо-жайын тактоо үчүн милиция тарабынан кармалган БМВнын айдоочусу азыр бошотулганын билдирди.

ШИИБнин басма сөз кызматынын өкүлүнүн айтымында, ага карата кызматтык териштирүү жүргүзүлгөндөн кийин ал күч түзүмдөрүнөн кетирилиши мүмкүн.

Унаа кырсыгы боюнча иштин материлдары чогултулуп Бишкектин Ленин райондук сотуна жөнөтүлдү.

Милициядан түрдүү маалыматтар

Буга чейин, унаа кырсыгы болоору менен ШИИБинин басма сөз кызматы БМВнын айдоочусу милиция кызматкери эмес экенин билдирген болчу.

«Биздин маалыматтар боюнча, Жол кайгуул кызматынын тескөөчүлөрүнүн маалыматтары боюнча, кырсыкка эч кандай милиционер катышкан эмес, тактап айтканда, ал жакта милиция кызматкери болгон эмес», — деген мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү 11-сентябрь күнү эртең менен Kloop.kgнин журналисти менен болгон сүйлөшүүсүндө.

Унаа кырсыгы болоору менен ал жерге дароо барган активист Айбек Баратовдун айтымында, БМВ барып «Хонданы» артына сүзгөн, ал өз кезегинде жолдун капталындагы дубалга барып тийген.

«БМВ Манас менен түштүктү көздөй өтө жогорку ылдамдыкта баратып көпүрөнүн алдынан бир унааны арт жагына сүздү. Соккудан улам ал унаа дубалга барып тийди, бирок айдоочусу менен жүргүнчүлөрү жеңил жараттарды алышып, кээ бир жерлери көгөргөн», — деп сүрөттөп жазган ал унаа кырсыгын «Дизель» форумуна.

Баратов Kloop.kgге берген маегинде кырсыктан кийин БМВны башкарып бара жаткан айдоочу дароо милиция формасын чечип салгандыгын айтты.

Аны менен бирге ал айдоочу укук коргоо органында иштээрин жана кырсыкка күнөөлүү экенин танган эмес.

Автор: Александра Ли