ШКУнун саммитинен улам милиция тез жардам унаасын өткөрбөй койду

Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери ШКУнун саммити үчүн жабылган Бишкектин борборундагы көчө аркылуу өтүп кетүүгө аракет кылган тез жардам унаасын өткөрбөй койду.

Окуяга журналист Константин Конкин күбө болуп, тартып алган сүрөтүн дароо эле өзүнүн «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына жайгаштырган.

Анда Жол кайгуул кызматынын эки өкүлү тез жардам унаасын токтоого мажбур кылгандыгы көрүнүп турат.

Тартылып алынган сүрөттөлүшкө ылайык, окуя Чүй проспектиси менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Дарыгерлер ал маалда тосулуп турган Чүй проспектиси аркылуу өтүп кетүүгө аракет кылышкан

«Тез жардам унаасын өткөрбөй коюшту. Баары бир андан кийин дагы 10 мүнөт ал көчө аркылуу эч ким өткөн жок. Унаалар толуп турган Турусбеков көчөсүнө жиберип салышты» — деп жазган журналист.

Тез жардам кызматынын башкы дарыгери Татьяна Челнокова Kloop.kgге берген маегинде мындай окуя болгондугун ырастады.

Анын айтымында, жыйынтыгында тез жардам чакырган шаар тургуну алар жете электе эле дарыгерлердин кызматынан баш тарткан. Бирок дарыгер белгилегендей, шаар тургунунун тез жардамдан баш тартуусу алардын жолдо кармалып калуусуна байланыштуу экендигин так билбейт.

Kloop.kgнин кабарчылары тез жардам кызматын ким чакырганын тактап, аны менен байланыша алган жок

Челнокова ал учурда тез жардам унаасынын үстүндөгү  жаркырак жарыгынын күйүп турган-турбагандыгын так айта алган жок, бирок мындай чакырууларда тез жардам унаасынын айдоочусу дайыма колдоноорун кошумчалады.

«Мындай учурларда алар ар дайым колдонушат, кээ бирде сиренаны да иштетишет», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Дарыгер бул алдыдагы ШКУнун саммитине даярдыктар башталгандан бери тез жардам унаасын өткөрбөй койгон алгачкы учур экенин билдирди.

Анын айтымында, ШКУнун саммитинин алдында тез жардам унааларынын унаа тыгынына туш келип, андан үстүндөгү  жаркырак жарыгы менен сиренасын күйгүзүп да чыга албай калган учурлар кездешкен.

Жол кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Елена Аильчиева «Фэйсбукка» жайгаштырылган сүрөт боюнча тез жардам унаасынын үстүндөгү жаркырак жарыгынын күйүп турган-турбаганын так аныктай албастыгын айтты.

Анын айтымында, эгер жарыктары күйүлүү болгон болсо Жол кайгуу кызматкерлери аны кое берүүлөрү керек болчу.

«Эгер медициналык тез жардам кызматынын унаасы үстүндөгү жаркырак жарыгын күйгүзүп алып бара жаткан болсо аны сөзсүз өткөрүп жиберүүлөрү керек болчу», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Ошондой эле Аильчиева сүрөттөгүлөрдүн Жол кайгуул кызматына таандык милиционерлер экендигине көзү жетпестигин айтты.

«Кандай болсо да окуянын кайсыл жерде болгонун, эгер унаанын үстүндөгү жарыгы күйүп турган болсо ал эмнеге кое берилбегендигин териштиребиз», — деди Аильчиева.

Шанхай кызматташтык уюмунун саммити Бишкекте эки күн — 13-14-сентябрь күндөрү өтөт, бирок шаардын борбордук көчөлөрү иш-чаранын башталышына эки күн калганда эле улам-улам тосулуп башталган болчу.

Аильчиева буга чейин Kloop.kgге берген маегинде бул күндөрү милициянын Бишкектеги бардык эреже бузууларды көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирген.

Жол кайгуул кызматы шаар тургундарын «жарандык позицияларын» көрсөтүүгө жана саммит аяктаганга чейин чыдап күтө турууга чакырган.

Автор: Шахида Дүйшеева