Фучик көчөсүндө жайгашкан имараттагы өрт 12-сентябрдан 13-сентябрга караган түнү башталган. Азырынча өрттүн чыгуу себептери белгисиз. ӨКМден билдиришкендей, жабыркагандар жок.
Өрткө каршы коопсуздук агенттигинин өкүлү Нурлан Ташмамбетов Kloop.kgге берген маегинде азырынча өрттүн чыгуу себептери белгисиз экенин билдирди.
«Өрттүн чыгуу себептерин иликтөө иштери аны өчүрүп бүткөндөн кийин гана башталат», — деди Ташмамбетов.
Анын айтымында, азырынча каза болгондор жана жабырлангандар жок.
Учурда өрт чыккан жерде — Фучик көчөсүндөгү адам жашабаган имаратта — 5 өрт өчүрүү унаасы менен 5 суу ташуучу унаа иштеп жатат.
Күйүп жаткан имарат металл конструкциядан турган бир кабаттуу кампаны элестетет.
Капмада оюнчук, кийим-кечек сыяктуу кеңири пайдалануудагы бир жарым миң тоннадай түрдүү товарлар сакталып турган болчу.
Өрт болгон жердин аянты эки миң чарчы метрди түздү.
Автор: Хлоя Гейне
Сүрөт «К-Ньюс» маалымат агенттигинин сайтынан
алынды