Курчоодо турган милиционерге кол салган адам 5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн

ШКУнун саммитинин катышуучуларынын колоннасы өтө турган маалда жолдон өтүп кетүүгө аракет кылып, курчоодо турган милиционерге кол салган Бишкек шаарынын жашоочусу 5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда камакта.

12-сентябрь күнү Жибек-Жолу жана Журнальная көчөлөрүнүн кесилишинде Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин делегаттары өтөөр маалда шаардын эки жашоочусу ал жол аркылуу өтүп кетүүгө аракет кылышкан — бул тууралуу Бишкек ШИИБсинин басма сөз кызматы билдирди.

Басма сөз кызматтын өкүлү Kloop.kgге берген маегинде билдиргендей, курчоодо турган милиция кызматкерлери айдоочулардын колонна өтүп кеткенче күтө турууларын өтүнүшкөн, бирок алардын бири баш ийбей, токтобостон жолун улай берген.

«Алардын бири милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талабаны баш ийбей, уят сөздөр менен сөккөн. Ошондой эле ал физикалык каршылык көрсөтүп, көйнөгүндөгү погонун жулуп алган», — деп билдирди Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкери.

Окуядан кийин Бишкектин ал жашоочусу кармалып Биринчи май райондук нөөмөт бөлүмүнө жеткирилген.

Ага карата «бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда камакта.

Басма сөз кызматтын өкүлүнүн айтымында, кармалган адам үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Бул бишкектиктердин ШКУнун саммитине байланыштуу кыймылга чектөө киргизилген көчөлөрдөгү милиционерлердин курчоосунан өтүп кетүүгө аракет кылган үчүнчү учур.

Дагы эки окуя 11-сентябрда болгон — анын биринчисинде Бишкектин жашоочусу милиция курчоосу аркылуу өтүп кетүүгө аракет кылган болчу, бирок ал укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалган.

Экинчисинде BMW үлгүсүндөгү унааны мас абалында башкарып бара жаткан айдоочу Жол кайгуул кызматынын өкүлүн сүзүп кеткен.

Жогорудагы үч окуя боюнча тең кылмыш иштери козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ошол эле маалда милиционерлердин жарандарга кол салган учурлары да белгиленген.

12-сентябрь күнү журналист Илья Каримджанов милиционер ага карата физикалык күч колдонуп, «Ала-Тоо» аянты аркылуу өтүүгө уруксат бербей жаткандыгы тартылган видеону интернетке жайгаштырган болчу.

Ал окуя боюнча эч кандай расмий териштирүүлөр жүргүзүлгөн жок.

Автор: Александра Ли