ШКУнун саммитинин жыйынтыктары

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммити аяктады. Ага уюмга мүчө жана байкоочу мамлекеттердин башчылары катышышты. Kloop.kg уюмдун аймактагы жана анын сыртындагы ички жана тышкы саясаты эми кандай өзгөрөөрүн аныктап жазды.

Саммиттен кийин Сириядагы кагылышууга өзгөчө көңүл бөлүнгөн декларацияга кол коюлду — ШКУ өлкөдөгү чыр сырткы күчтөрдүн кийлигишүүсүз, бирок БУУнун коопсуздук кеңеши менен эл аралык мыйзамдардын алкагында жөнгө салынышы керек деп эсептейт.

«Мүчө-мамлекеттер Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкадагы, анын ичинде Сириядагы абалга байланыштуу кабатырланып жатканын билдирет жана ал аймакта БУУнун Коопсуздук кеңешинин сакциясы жок сырткы кийлигишүүсүз туруктуулуктун орношу жана андан ары өнүгүшү үчүн экенин билдирет» — деп жазылган расмий документте.

Аны менен катар ШКУ уюму Орусиянын сунушу менен Сирия жетекчилигинин куралдарын эл аралык көзөмөлгө өткөрүп берүү ниетин колдоду.

«Мүчө-мамлекеттер Сириянын химиялык куралын эл аралык көзөмөлгө өткөрүп берүү жана аны андан ары жок кылуу, ошондой эле Сириянын Химиялык куралдарды иштеп чыгуу, өндүрүү, сактоо жана колдонууга тыюу салган Конвенцияга кошулуу демилгесин колдошот», — деп жазылган декларацияда.

Негизги сырткы саясий маселелер боюнча ШКУга мүчө-мамлекеттер жалпысынан расмий Москванын позициясын колдошту.

Ошондой эле ШКУга мүчө-мамлекеттердин лидерлери аймактагы өлкөлөрдүн ортосундагы транспорттук жүк ташуу жана байланыш,  соода жана туризм тармактары боюнча кызматташуу тууралуу макулдашууга келишти.

«Өлкө башчылары аймакта байкоочу-мамлекеттер менен өнөктөштөрдүн потенциалын тартуу менен инновациялык жана энергия үнөмдөөчү технологияларды киргизүүнү, аймактын инфраструктурасынын өнүгүшүн, эл аралык көп моделдүү логистика борборлорун түзүүнү, соода жана туризм, аймактын транспорттук-коммуникациялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү камсыз кыла турган долбоорлорду ишке ашырууну тездетүүнүн зарылчылыгын белгилешти», — деп жазылган расмий документте.

Катышуучулар буга чейин Россия менен Кытайдын ортосунда пайда болгон ШКУнун мурунку пландалган инновациялык долбоорлору боюнча карама-каршылыктарын чечишти. Аталган эки өлкө тең уюмда да, аймакта да лидер болууга талапкер болуп келишет.

Буга чейин Кытай өзү тараптан ири өлчөмдөгү каражаттын бөлүнүшү менен ШКУнун өнүгүү банкын түзүүнү сунуштаган, а Россия болсо жаңы структуралардын түзүлүшүнө каршы болуп, атайын эсептин ачылышы керектигин билдирген болчу.

Жыйынтыгында ШКУнун эң ири эки мүчөсү компромисстик вариант иштеп чыгуу чечимине келишти.

Аны менен катар ШКУнун мүчөлөрү декларацияга ылайык, мүчө мамлекеттердин саясий, экономикалык жана коомдук коопсуздугун начарлатуу үчүн пайдаланышы мүмкүн болгон, ошондой эле терроризм, экстремизм жана сепаратизм идеяларын пропагандалышы мүмкүн болгон интернетке көзөмөлдү күчөтүү жана баңгизатына каршы күрөштү күчөтүү боюнча макулдашууга келишти.

ШКУга мүчө мамлекеттердин кеңешинин кийинки жыйыны 2014-жылы Душанбеде өтөт.

Бүгүнкү күндө Шанхай кызматташтык уюмуна Кытай, Россия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттери кирет.

Автор: Хлоя Гейне