Кыргызстандын Улуттук банкы «Кичи каржылоочу уюмдар жөнүндөгү» мыйзамдын бузулушунан улам бир катар кичи насыя берүүчү компаниялардын ишмердүүлүктөрүн убактылуу токтотту. Алардын арасында рыноктун бул тармагында лидерлердин бири катары саналган «Мөл булак» компаниясы да бар.
Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптар менен Улуттук банктын ченемдик актыларынын аткарбагандыгы, ошондой эле буга чейин берилген эскертүүлөрдүн жөнгө салынбагандыгы үчүн 27 кичи каржылоочу уюмдун ишмердүүлүктөрү убактылуу токтотулду, — бул тууралуу Улуттук банктын сайтында жазылган.
Мекеменин пресс-релизинде алардын бардыгы тең «Кичи каржылоочу уюмдар жөнүндөгү» мыйзамдын 2-беренесин бузгандыгы жазылган. Ал беренеде Кичи каржылоочу уюмдар
«жакырчылыкты жеңүүгө» жана «ишкерликтин өнүгүүсүнө» көмөктөшүүлөрү керектиги көрсөтүлгөн.
Улуттук банктын кара тизмесине киргизилген кичи насыя берүүчү «Прогресс» компаниясынын кызматкери кичи каржылоочу компаниялар жакырчылык менен күрөшүүгө милдеттүү эмес деп эсептейт.
«Улуттук банк кичи насыя берүүчү компаниялар жеткиликтүү каражаттарды берип, жакырчылык менен күрөшүшү керек деп айтып жатат. Бул эмне кичи насыя берүүчү компаниялардын маселесиби? Менимче, бул насыя берүүчү компаниялар менен жеке ишкерликтин ыйгарым укуктарына таптакыр кирбейт, аны менен мамлекет алектениши керек», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.
Анын айтымында, лицензияларынын ишмердүүлүктөрү токтотулган компаниялардын көпчүлүгүнүн пайыздык чени мыйзам тарабынан белгиленген ченден ашык эмес болчу.
«Бирок Улуттук банк ага карабастан эч кандай эскертүүсүз, белгилүү бир белгиленген мөөнөтсүз эле алып туруп бир тараптуу негизде ишмердүүлүктү токтотуп жатат», — деп даттанды «Прогресстин» кызматкери.
Пайыздык чендердин төмөндөшү
Кичи насыя берүүчү «Ак Капитал» компаниясынын кызматкери Kloop.kgге берген маегинде Улуттук банк алардан пайыздык чендерди төмөндөтүүнү талап кылганын, бирок ал талапты аткарууга компания жетишпей калганын билдирди.
Ал учурда ишмердүүлүктөрүн калыбына келтирүү үчүн Улуттук банк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыктарын белгиледи.
«Эмир» кичи насыя берүүчү компаниясынын кызматкери лицензиялардын токтотулгандыгы боюнча эч нерсе билбестигин айтты — анын айтымында, алардын компаниясы өз ишмердүүлүгүн улантып жатат.
«Биздикин токтотушкан жок, ал жөнүндө бизге билдиришкен да жок», — деди ал.
Ал эми «Кайрат Бий» жана «Берен кредит» аттуу эки кичи насыя берүүчү компания лицензияларынан толугу менен ажыратылышты.
«Мөл булак» да кара тизмеде
Лицензия ишмердүүлүгү убактылуу токтотулган компаниялардын арасында рыноктун бул тармагында лидер катары эсептелген «Мөл булак» компаниясы дагы бар.
Азырынча бул боюнча комментарий берүүдөн «Мөл булактын» жетекчилиги баш тартып жатат.
Кыргызстанда жүздөп саналган кичи насыя берүүчү компаниялар алардан насыя алган адамдар менен тез-тез тирешүүгө барып турушат.
Бул өз кезегинде нааразычылык акцияларын пайда кылып, акциялардын көбү Ош шаарында өтүп келген.
Нааразы болгон кардарлар берилип жаткан насыялардын пайыздык чендери өтө эле жогору экенин айтып даттанышса, кичи насыя берүүчү компаниялар насыя алуудан мурун алгач келишимди окуу керектигин айтып жооп берип келишкен.
Бирок 2013-жылдын жайында Кыргызстандын бийлиги кичи насыя берүүчү компаниялардын ишмердүүлүгүнө чектөөлөрдү киргизе турган «Сүткордук ишмердүүлүктү чектөө жөнүндөгү» мыйзам кабыл алган болчу.
Ал мыйзамга ылайык, эми насыянын эң жогорку пайыздык чени Улуттук банк тарабынан белгиленет.
Автор: Александра Ли