Бишкек: Сүйөркулов көчөсүн оңдоо иштери октябрдын башында бүткөрүлөт

Сүйөркулов көчөсүн (мурунку Донецкий көчөсү) капталдык оңдоодон өткөрүү иштери үстүбүздөгү жылдын октябрынын башында бүткөрүлөт — бул тууралуу Бишкектин мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек мэриясынын басма сөз катчысы Чынара Усупбаева Kloop.kgге берген маегинде Сүйөркулов көчөсүн капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери октябрдын башында бүткөрүлөөрүн билдирди.

«Капиталдык оңдоо иштерин октябрь айынын башына карата бүтөбүз деп убада беришти», — деди Усупбаева Kloop.kgге берген маегинде.

Асфальт төшөлмөсүн эки катмар кылып алмаштыруу менен жолдун Юнусалиев көчөсүнөн (мурунку Карл Маркс атындагы көчө) Малдыбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон өткөрүлөт.

Бишкектин эң талкаланган көчөлөрүнүн бири болуп келген Сүйөркулов көчөсү Орто-Сай базарынын жанынан өтүп, кичи райондор менен шаардын борборун байланыштырып турат.

Өз тарыхында жол бир дагы ирет капиталдык оңдоодон өткөн эмес, ушул убакка чейин жалаң чуңкурлары гана жамалып келген болчу.

Буга чейин бишкектиктер жолдун бул бөлүгүндөгү асфальт төшөлмөсүнүн абалын айдын үстүнкү бөлүгүнө салыштырышып, даттанып келишкен.

Автор: Эльдос Казыбеков