Милиционерди сүзүп кеткен айдоочу үй камагына чыгарылды

ШКУнун саммити өтүп жаткан күндөрү жолдогу курчоодо турган милиционерди сүзүп кеткен унаа айдоочусу үй камагына чыгарылды. Ал эми курчоодо турган милиция кызматкерине «кол салган» эки адам тергөө абагында эки ай камакта болушат.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтүп жаткан маалда Жол кайгуул кызматкерин сүзүп кеткен BMW X5 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу үй камагына чыгарылгандыгын Kloop.kgге билдирди.

Окуя 11-сентябрь күнү болгон. Анда BMWнын айдоочусу кытай делегациясы үчүн тосулган жол аркылуу өтүп кетүүгө аракет кылып, жол тосуп турган Кайгуул кызматынын өкүлүн сүзүп кеткен. Ал дароо эле милиция тарабынан кармалган.

Жүргүзүлгөн экспертиза айдоочунун мас абалында болгондугун көрсөткөн. Ага карата «Бейбашчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон болчу, учурда ал боюнча тергөө иштери уланууда.

Анда Жол кайгуул кызматынын кызматкеринин колу менен буттары кокустаган.

Ал эми бир күндөн кийин – ШКУнун саммити башталган күнү – Бишкектин көчөлөрүнүн бирине коюлган милициянын кучоосунан өтүп кетүүгө аракет кылышкан эки шаар тургуну тергөө абагында эки ай камакта болушат.

Аларга каршы да «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон болчу.

«Ал экөө эки ай №1 тергөө абагында камакта болушат», — деди ШИИБнин басма сөз кызматынын өкүлү.

Мекеменин басма сөз кызматы буга чейин билдиргендей, кармалгандар курчоодо турган милиция кызматкерине кол салгандыктары үчүн 3 жылдан 5 жылга чейин эрктеринен ажыратылышы мүмкүн.

Шанхай кызматташтык уюмунун саммити Бишкекте 13-14-сентябрь күндөрү өткөн, бирок өлкөгө делегаттардын келип жаткандыгына байланыштуу жолдорду тосуу эки-үч күн мурун эле башталган болчу.

Өз кезегинде жолдордун жабылышы шаардыктардын нааразычылыктарын жараткан, бирок Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматы бишкектиктерди«жарандык позицияларын» көрсөтүүгө жана чыдап күтө турууга чакырган болчу.

Буга чейин Жол кайгуул кызматынын өкүлү Елена Аильчиева Kloop.kgге берген маегинде саммиттен улам милиция кызматкерлери жетишпей, ал күндөрү милиция  бардык эреже бузууларды көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирген.

Автор: Александра Ли