“Музейдеги түнгө” эки миң адам келди

Оштогу Сулайман-Тоо улуттук тарыхый археологиялык музей комплексинде  «Музейдеги түн» акциясы өттү. Анда 2 миңден ашык адам тарыхый экспонаттар менен таанышып, түрдүү мастер класстарга катышты. Түнкү музейде рок музыка жаңырып, улуттук даамдар акысыз таратылды.

«Музейдеги түн» кечки 8де башталып, ага жергиликтүү тургундар, жаштар, жана чет элдик туристтер да катышты.

DSCF9446

Жумашали Чотонов бул маданий иш-чарага Кара-Суу шаарынан  келген. Сулайман-Тоо этегиндеги музейге алгачкы жолу кириши.

«Экспонаттардын ичинен көбүнчө тарыхый эстеликтер жана  курал-жарактар мага чоң кызыгуу жаратты. Ошондой эле 2 минутка жетпей кубик-рубикти толтурган жигиттин ыкчамдыгы таң калтырды”,- деди 8-класстын окуучусу Жумашали.

Акцияга келгендерге кыргыз улуттук даамдары: боорсок, чий боорсоктор кофе менен берилип, «Дербиш» рок группасы рок сүйүүчүлөрдүн черин жазды.

DSCF9458

DSCF9588

Оригами, кыргыз куурчактарын, кызыл чоподон чоор жасоонун чеберлери өз өнөрлөрүн башкаларга үйрөтүштү. Музейдин дагы бир залында америкалык белгилүү «Музейдеги түн» тасмасы коюлду.

DSCF9589

Кеченин коопсуз өтүүсүн жана тарыхый буюм-тайымдардын сакталышын тартип сакчылары камсыздагандыгын музей директорунун орун басары Хайрулло Убайдуллаев баяндады.

”Бул жөрөлгө бизге Батыштан келген. Ушундай ыкма менен элди музейге кызыктырууга болот. Алгачкы жолу өтүп жаткандыктан, аз-маз кемчилдиктер да болду. Баалуу буюмдарды жана кеченин коопсуздугун сактоо  үчүн атайы милиция кызматкерлери чакырылган»,- деди Х. Убайдуллаев.

DSCF9521

«Музейдеги түн» акциясын өткөрүү – мектеп окуучуларынын демилгеси экенин иш-чараны уюштурган “Youth  оf Osh” коомдук бирикмесинин менеджери Акылай Каримова маалымдады.

”Бул иш-чара “Жаштар демилгелерин колдоо фонду” аттуу долбоордун негизинде ишке ашты. Бир жылда эки ирет жаштар арасында коомдук долбоорлорго сынак жарыяланат. Быйыл 25-майда биринчи сынакта 300 долбоор келип түшкөн. Анын ичинен  40ына колдоо көрсөтүлдү. Анын бири - бүгүнкү “Музейдеги түн” долбоору. Келгендердин саны 2000ге чукулдады.

Youth  оf Osh” коомдук бирикмесинин менеджери Акылай Каримова
Youth оf Osh” коомдук бирикмесинин менеджери Акылай Каримова

25-сентябрга чейин дагы долбоорлор сынагы жарыяланган. 14 жаштан  29 жашка чейинкилер өздөрүнүн долбоорлорун жөнөтсө болот»,- деди А.Каримова.

“Музейдеги түн” акциясы “Youth of Osh”, ”YaF” жана «Soros.kg” тарабынан уюштурулду. Кайтканда калкты акысыз автотранспорттор тейледи.

 

Автор: Үмүтай Жума кызы

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева