Оштон 200дөй зыяратчы ажыга учуп кетет

Ош аэропортунан эртең 198 зыяратчы ажы сапарына жөнөйт. Бул жылы кыргызстандык зыяратчылар үчүн жалпы 3600 квота бөлүнгөн. Анын 288и Ош шаарына.

Ош аэропортунан эртең саат 10:45теги рейс менен Сауд Аравияга 198 зыяратчы учуп кетерин Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев маалымдады.

Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев
Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев

«Дүйнө  жүзү боюнча мусулман журтуна парз болгон ажылык сапарга аттанып жатышат. Быйылкы жылы да «КыргызТрансАвиа» компаниясы тендерден утуп алгандыктан, ажыларды Сауд Аравия  мамлекетине ушул компания жеткирет. Ош  шаарына быйыл 288 квота берилген. Эртең «Боинг 757» учагы менен 198 адам учурулат. Ажылык сапарга  баруу үчүн адам башына 2300 АКШ доллары жол кире кетет»,- деди Убайдылла  ажы Сарыбаев.

Ажы сапарына даярданып жаткан Болдукан Жакыпова 26-сентябрь күнкү рейс менен учат.

«Ажыга жолдошум экөөбүз барабыз. Жол киребиз  4600 АКШ долларын түздү. Квотаны Баткен облусунун муфтийинин орун басарынан алдым. Кайсы шаарга конорубуз, толук маалыматым деле жок”,-  деди Б.Жакыпова.

Бул жылы кыргызстандык зыяратчылар үчүн жалпы 3600 квота бөлүнгөн.
Бул жылы кыргызстандык зыяратчылар үчүн жалпы 3600 квота бөлүнгөн.

Муфтияттын расмий сайты маалымдагандай, зыяратчылар Меккеден 90км алыстыкта жайгашкан Жидда шаарына конот. Зыярат кылууга жөнөтүлүүчү жарандарга эмдөөлөр кылынган.

Быйыл 18 учак каттамы болуп, 17-сентябрдан 3-октябрга чейин Бишкектен Жиддага, ошол эле КТА компаниясынын учуп келүү графиги боюнча кайра кайтуу 17-октябрдан Жидда шаарынан Бишкек шаарына болмокчу.

Автор: Перизат Козубаева

Сүрөттүн авторлору: П.Козубаева, С.Эралиев жана muftiyat.kg

Редактор: Гүлзат Газиева