Кыргызстандын эң популярдуу гезити «улуттар аралык кастыкты козуткан» деп шектелүүдө

«Супер-Инфо» гезитинин редакциясы сайтына жарыяланган видеодон улам улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип жатат — бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирүүдө. Басылма азырынча айыптоолор боюнча эч кандай комментарий бербей эле.

Милиция тараптан айыптоолордун пайда болушуна гезиттин сайтына жарыяланган видео себеп болгон.

ИИМдин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, ал тасмада эки этникалык кыргыздын «сабалып аткандыгы» тартылган.

«Ал видео көчүрүлүп алынып гезиттин сайтына жарыяланган.Анда талкуулар болуп, экстремисттик мүнөздөгү улуттар аралык билдирүүлөр пайда болгон, ошондуктан ИИМдин онунчу башкы башкармалыгынын кызматкерлери видеону аныктап чыгышып, аны сайттан алып салышты», — деп түшүндүрдү ИИМдин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде.

Ал милиция кылмыш ишин козгобогондугун айтты — учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бирок ИИМдин басма сөз катчысы кылмыш иши тасманын таркатуучусуна, ошондой эле гезиттин редакциясына каршы да козголушу мүмкүн экенин божомолдоду.

«Үч жыл мурун биз ош окуяларын башыбыздан өткөрдүк. Адамдар акырындап аны унутуп, өздөрүнө келе башташты, а видеону таркатуучулар тескерисинче, адамдардын өч алуу сезимдерин козгоп, бири-бирине карата жек көрүү сезимдерин пайда кылып жатышат — мындайга жол берилбеши керек», — деди Осмонбаев.

«Силер ал видеону көргөн жоксуңар — аны жаап салышты. Анда өзбектер кыргыздарды сабап жаткандыгы тартылган», — деп кошумчалады басма сөз катчы.

Осмонбаев учурда видеону таркаткан адамдын кайсыл жерде экендиги белгисиз экенин билдирди. Айтымында, ыкчам маалыматтар боюнча, ал болжол менен Россиянын аймагында.

Эскертүү гана жетишмек

«Институт медиа-полиси» коомдук фондусунун директору  Бегайым Усенова Kloop.kgге берген маегинде ИИМдин текшерүү иштери аяктаганга чейин эле гезитти айыптагандыгына түшүнбөй жатканын билдирди.

«Алар ишти аягына чейин чыгарып, андан кийин гана пресс-релиз таркатышса болмок деп ойлойм», — деди Усенова.

Ал гезитке карата прокуратура же юстиция органдары конкреттүү негиздерди коюп, жазуу түрүндөгү эскертүү чарасын колдонуу менен гана чектелиши керек деп эсептейт.

«Материалды чыгарган кыз ал улуттар аралык кастыкты козутуу, пропагандалоо экендигин билбеген болушу мүмкүн да. Азыр канчалаган материалдар чыгып жатат, алардын кайсынысы улуттар аралык кастыкты козутуп жатат кайсынысы козутпай эле так аныктай турган түшүнүк жок. Аны адистер гана айта алышат», — деп эсептейт Усенова.

Кыргызстанда эң көп нускага ээ «Супер-Инфо» гезитинин редакциясы азырынча милиция тарабынан айтылган айыптоолор боюнча эч кандай комментарий бербей эле.

«М-Вектор» компаниясынын изилдөөлөрүнө ылайык, «Супер-инфо» өлкөдөгү эң окумдуу гезит болуп эсептелет.

Автор: Шахида Дүйшеева