УКМК оппозицияга каршы: тирешүүнүн хронологиясы

Кыргызстандын атайын кызматындагылар эки аптадан бери оппозиция менен ачык маалыматтык согуш жүргүзүүдө. Kloop.kgнин редакциясы ал тирешүүлөрдүн негизгилерин бир материалга топтоду.

1.Бийликти кулатуу пландары айтылган видеонун жарыяланашы [2-сентябрь]

Оппозициянын Соң-Көлдөгү курултайынын уюштуруучусу Эрлан Өмүралиевдин атайын кызматтагылар менен болгон маеги тартылган видеотасма Кыргызстандын ири телеканалдарында үстүбүздөгү жылдын сентябрынын башында көрсөтүлгөн.

Өмүралиев УКМКнын кызматкерлери менен болгон ал маегинде оппозиция өлкөдөгү бийликти басып алууга даярданып жаткандыгын билдирген.

Ал оппозиция тарабынан даярдалып жаткан эки акция жөнүндө айтып берген. Аларга ылайык, оппозиция алгач Ысык-Көлдө ири масштабдагы митинг өткөрүп, андан соң жергиликтүү жашоочуларды «Кумтөр» компаниясы менен өлкө бийлигине каршы коюу үчүн Нарын дарыясын ционид менен уулантышмак.

«Элдер дүрбөлөңгө түшүшөт. Нарында активдүү жаштар эле эмес карган пенсионерлер дагы чыгышат. Өзүнүн эффективдүүлүгү боюнча бул долбоор укмуштуудай долбоор», — деп айткан Өмүралиев УКМКнын кызматкерлерине.

2. Оппозициянын Өмүралиевдин айткандарын четке кагуусу [3-сентябрь, эртең менен]

IMG_0625

Видеотасманын телеканалдар аркылуу көрсөтүлүшүнө оппозиция дароо эле реакция жасады. Видеодо ысымдары көбүрөөк аталган Садыр Жапаров (үстүбүздөгү жылы депутаттык мандатынан ажыраган оппозиционер) менен мурунку тышкы иштер министр Аликбек Жекшенкуловдор Өмүралиевдин айткандарын четке кагышты.

«Бул алардын фантастикасы. Кезектеги кара пиары. Ал [Өмүралиев] айтып жаткандай, биз бир мүшөк балыкты буйрутма менен алып, анан нарындыктар аларды кармасын деп ууландырышыбыз керек экен да. Бул күлкү келтирээрлик», — деген анда Жапаров Kloop.kgге берген маегинде.

Ал видеону бийлик «оппозицияны элге жаман көрсөтүү» үчүн жарыялаган деген божомолун айткан.

ТИМдин мурунку башчысы Аликбек Жекшенкулов журналисттер менен болгон жолугушуусунда Өмүралиевдин көрсөтмөлөрү атайын кызматтагылардын басымы астында алынгандыгын билдирип, а видеотасманын жарыяланышын саясий буйрутма деп атаган.

3. Атайын кызматтагылар тарабынан оппозиция өкүлдөрүнүн суракка чакырылышы [3-сентябрь, күндүз]

Видеотасма Кыргызстандын телеканалдары аркылуу көрсөтүлгөн күндүн эртеси УКМК Жапаров менен Жекшенкуловду суракка чакырган.

Сурак жөнүндө көп деле эч нерсе белгилүү эмес. Жекшенкулов УКМКга барып келгенден кийин андагы сурак болгону 15 мүнөткө созулгандыгын билдирген — оппозициялык саясатчыга видеодо айтылгандарды ырастайсызбы деген бир гана суроо берилген.

DSC_0238

Күтүлгөндөй эле саясатчы жооп катары ал пландарга тиешеси жоктугун билдирген.

«Менин билишимче, видеодо аты-жөнү аталгандардын бардыгы тең сурак берүү үчүн УКМКга чакырылышкан. Бирок кимисине кылмыш иши козголгонун билбейм», — деген ал.

4. Өмүралиевдин ага карата басым жасалгандыгын мойнуна алышы [4-сентябрь]

Оппозиция тараптан УКМКнын кызматкерлери көрсөтмөнү күч колдонуп алыгандыгы тууралуу айыптоолор айтылгандан кийин атайын кызматтагылар Өмүралиевдин тергөөчүлөргө өз каалоосу менен келгендиги жазылган арызынын көчүрмөсүн тараткан.

«Арыз мен тараптан өз колум менен туура жазылган, мени менен маектешкен УКМКнын кызматкерлерине эч кандай дооматым жок», — деп жазылган анда.

omuraliev-letter

УКМК Өмүралиев менен болгон маектин ачыкка чыгарылышын “жарандардын сактыгы” менен түшүндүрүүдө.

«Билдирүүдө коомдук жана экологиялык коопсуздуктун бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон маалыматтар көрсөтүлгөндүктөн республика жарандарынын сактыгы үчүн УКМК Өмүралиевдин кайрылуусун жарыялоо чечимине келген», — деп жазылган атайын кызматтагылардын пресс-релизинде.

5. Жапаров менен Өмүралиевдин телефон аркылуу сүйлөшүүсү [17-сентябрь]

Бишкекте 13-сентябрь күнү өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммити маалында тирешүү убактылуу токтоп калган болчу. Бирок иш-чарадан кийин маалыматтык согуш кайрадан жанданды.

Оппозиция журналисттер менен болгон жолугушуусунда Өмүралиевдин Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү жазылган аудиожазууну таратты, анда Өмүралиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери аны камерага алдын ала даярдалган тексти айтууга мажбурлашкандыгын билдирген.

Өмүралиевдин айтымында, атайын кызматтагылар ал берген көрсөтмөсүн төгүндөбөшү үчүн ага үй-бүлөсү менен бирге чет өлкөгө чыгып кетүүнү же акчалай же батир түрүндөгү сыйлыкты сунушташкан.

Сүйлөшүүнүн аягында Өмүралиев аны күн сайын атайын кызматтагылардын өкүлдөрү аңдып жүргөндүктөрүн айткан.

6. УКМК «Хизб-ут-Тахрир» уюмунун мүчөсүнүн көрсөтмөсү тартылган видеотасманы таратуусу [17-сентябрь]

Кыргызстанда диний экстремисттик деп табылган «Хизб-ут-Тахрир» уюмунун мүчөсү Бактыбек Жуматаев атайын кызматтагыларга көрсөтмө берип, Өмүралиев анын Нарын дарыясын ууландыруу операциясына катышуусун өтүнгөндүгүн айткан.

Жуматаев Өмүралиевдин пландарына катышуудан баш тарткандыгын билдирүүдө.

«Мен сени эсиңе келип бул ишти кылбоого чакырам, бул үчүн Кудай алдында жооп бересиң. Сен өзүң мусулмансың, сага мындай иштерди кылууга болбойт. Төңкөрүш кылуу — бул элге бакытсыздык алып келет, бул жаман, андан көрө аны кылбай эле койгула», — деп кайрылган Жуматаев Өмүралиевге, бул тууралуу ал видеотасмада айткан.

«Хизб-ут-Тахрирдин» мүчөсүнүн айтымында, Нарын дарыясын ууландырышы үчүн ага Өмүралив ири суммадага акча сунуштаган — Жуматаевдин айтымында, пландын ишке ашуусуна Садыр Жапаров демөөрчүлүк кылмак.

Автор: Эльдияр Арыкбаев