Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети оппозициянын өлкөдөгү бийликти кулатуу боюнча планын айтып чыккан Эрлан Өмүралиевге басым жасагандыктары тууралуу айтылган маалыматты дагы бир жолу четке какты.
УКМК оппозиция тарабынан мурунку депутат Садыр Жапаров менен Өмүралиевдин сүйлөшүүсү жазылган аудиожазуунун ачыкталышы боюнча билдирүү жасады. Ал аудиожазууда Өмүралиев атайын кызматтагылар тарабынан ага карата басым жасалгандыгын билдирген.
«Өмүралиев УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгына өз каалоосу менен келип, өз каалоосу менен оппозициянын пландары тууралуу айтып берген», — деп билдирүүдө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы.
УКМК оппозиция өкүлүнө басым жасагандыктарын четке кагып, дагы бир видеотасма жарыялады, бул жолкусунда Кыргызстанда экстремисттик деп таанылган «Хизб-ут-Тахрир» уюмунун мүчөсү Бактыбек Жуматаевдин көрсөтмөсү менен.
Видеодо Жуматаев Өмүралиевдин буга чейин айткандарын ырастаган. Ал билдиргендей, оппозиционер анын Нарын дарыясын ууландыруу боюнча операциясына катышуусун өтүнгөн, бирок Жуматаев баш тартып койгон.
УКМКнын басма сөз кызматынын өкүлүнүн айтымынды, Жуматаев азыр эркиндикте жүрөт.
«Видео сурак алуу бөлмөсүнөн тартылган, бирок аны кармаган жокпуз», — деп түшүндүрдү атайын кызматтагылардын өкүлү.
Видеотасмада ысымы көбүрөөк айтылган «Ата-Журттун» мурунку депутаты Садыр Жапаров 17-сентябрь күнү Өмүралиев менен болгон телефон аркылуу сүйлөшүүсүн жарыялаган болчу. Анда Өмүралиев атайын кызматтагылар тарабынан ага басым жасалгандыгын билдирген.
Өмүралиев УКМКдан аны алдын ала жазылган тексти видеого окууга мажбурлашканын айткан, ал кийин телеканалдар аркылуу көрсөтүлгөн.
Оппозиционер айткандай, атайын кызматтагылар жооп катары ал берген көрсөтмөсүн төгүндөбөшү үчүн ага үй-бүлөсү менен бирге чет өлкөгө чыгып кетүүнү же акчалай же батир түрүндөгү сыйлыкты сунушташкан.
Өмүралиев аягында аны күн сайын атайын кызматтагылардын өкүлдөрү аңдып жүргөндүктөрүн кошумчалаган.
Анын көрсөтмөсү тартылган видеотасма 2-сентябрь күнү кечинде жарыяланган.
Анда Өмүралиев атайын кызматтагылардын өкүлдөрүнө оппозиция Кыргызстандын түндүгүндө жолдорду бууп, жергиликтүү тургундардын нааразычылыгын жаратуу үчүн Нарын дарыясын ционид менен уулантуу боюнча «Юпи» операциясын пландап жаткандыктарын айткан.
Автор: Александра Ли