Парламентте көп жолу талкууланган кызматтык унаалардан баш тартуу идеясы өз ордун «Депутаттын статусу жөнүндөгү» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдөн тапты. Бул идея боюнча депутаттардын өзүлөрү ар түрдүү пикирде.
Мыйзам долбоорунун автору Өмүрбек Текебаев — буга чейин ал башында турган «Ата Мекен» фракциясы депутаттарга кызматтык унааларынан баш тартууну бир нече жолу сунуштап келген, алар бул кадамын эл өкүлдөрүнө жумшалып жаткан чыгымдарды кыскартуу менен түшүндүрүшкөн.
«Транспорттук чыгымдарга 164 млн сом кетет, а эгер мыйзам долбоору кабыл алынып калса 130 млн сом үнөмдөлөт», — деп эсептейт Текебаев.
Мыйзам долбооруна ылайык, Жогорку Кеңештин жетекчилигинен башка парламент депутаттары кызматтык унаа менен камсыз болбошу керек.
«Ата Мекен» депутаттардын кызматтык унаалардан баш тартуусу жөнүндөгү идеяны 2012-жылдын башынан бери демилгелеп келген — анда фракция жыйынында унааларды автобустар менен алмаштыруу сунушталган болчу. Бирок азырынча ал идея колдоо таба элек.
Kloop.kg кызматтык унаалардан баш тартуу боюнча депутаттардын көз карашын билүү үчүн бир нече парламентарийге суроо узатты. Бул боюнча эл өкүлдөрдүн пикирлери түрдүү болуп чыкты — кээ бири Текебаевдин идеясын колдошсо, башкалары унаа — зарылдык экенин айтып жатышат.
Алмазбек Баатырбеков, «Республика» фракциясы:
«Эгер бул мыйзам долбоорун парламент колдосо эмнеге болбосун, мен макул болом. Ал эми кээ бир депутаттардын каршы чыгып жатышы ар биринин өз пикири бар экенин көрсөтүүдө. Кызматтык максатта колдонсо боло турган депутаттардын өзүлөрүнүн жеке унаалары бар. Бирок бул маселе ушундай чечиле турган болсо жогорудагы максаттар үчүн пайдаланууга нөөмөтчү унаалар болушу керек»
Ирина Карамушкина, КСДП фракциясы:
«Депутаттын айлыгына мен унаа сатып ала албайм, ал эмес үйүмдү оңдой албайм. Текебаевдин жеке арсеналындагыдай кымбат баадагы унааларды сатып алууга мүмкүн эмес. Ал өзүнүн каржылоосун башкалардыкы менен салыштырбасын. Анын карамагында кафеси бар, андан башка дагы жеке ишкердик бир нерсе ачкан болушу мүмкүн. Жумушка өз убагында келүү үчүн жеке унаа сатып алууга депутаттардын баарынын эле мүмкүнчүлүгү жок. Бизде жолугушуулар өтө көп. Эгер барбай койсоң таарынып башташат»
Наталья Никитенко, «Ата Мекен» фракциясы:
«Ачык иштеген таза чиновниктин образына шайкеш келип, мамлекеттин чиновниктерге короткон чыгымдарын азайтышыбыз керек. Чындыгында эле биз чыгымдарды кыскартуунун жана мамлекеттик чиновниктердин ишинин активдүүлүгү менен сапатын жогорулатуунун үстүнөн ойлонушубуз керек. Эл аралык практикада чиновниктердин коомдук транспорт менен же жеке унаасы менен колдонгон мисалдар көп, бул жаңы тажрыйба эмес, башка өлкөлөрдө бар»
Эльмира Иманалиева, «Ата-Журт» фракциясы:
«Парламент лидерлери менен комитет төрагаларынын гана кызматтык унааларын калтыруу керек, калган депутаттар кызматтык унаасыз эле жүрсө болот. Менде башынан эле кызматтык унаа болгон эмес. Депутаттар иш сапарга барып калышса деп болгону автопаркта нөөмөттөгү унаалары болуш керек. Негизинен, депутаттар кызматтык унаа жок эле жүрө алышат».
Нурлан Төрөбеков, «Ар-Намыс» фракциясы:
«Эч кимге эч нерсени таңуулап кереги жок, ар кимде өз алдынча чечим кабыл алуу укугу бар. Депутаттардын баары эле Текебаевдей бай эмес, унаа сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок депутаттар да бар, бирок аларга иштеш керек, жумуш көп. Бир тараптуу кароого болбойт. Таңуулап көрсөтмө берүүгө болбойт. Мен кызматтык унаадан баш тарттым. Каржылык жактан мага кыйын болуп атат, жеңил деп айта албайм, бирок буга патриоттук менен мамиле жасап жатам. Баарына эле кыйын болуп атат, азыр Кыргызстандын калкынын баарына кыйын. Менде андай кылууга мүмкүнчүлүгүм бар, ошондуктан кылдым. Кандай да болсо жардам. Бул менин чечимим, менин укугум».
Автор: Мария Гребнева