Кыргызстан дүйнөдө жагымдуу имиджин түзүү үчүн керек болгон каражатты төлөй албайт

Кыргызстандын бийлиги дүйнөдө өлкөнүн жагымдуу имиджин түзүүнү сунуштаган Би-би-синин кызматтары үчүн азырынча акча төлөй албай тургандыгын билдирди.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекованын айтымында, Кыргызстанды жарнамалоо демилгеси Би-би-синин өзүнө тиешелүү болгон.

«Сергей Становкин мырза [BBC Advertisingдин аймактык өкүлчүлүгүнүн башчысы] иш сапары учурунда маданият министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуп, биздин өлкөнүн жагымдуу имиджин түзүү үчүн BBC Worldдун [Би-би-синин дүйнөлүк кызматы] кызматтарын сунуштаган. Биздин өлкөнүн беделди кантип көтөрүү керектиги боюнча стратегиясы бар жана бул сунуш укмуштуудай сонун сунуш болчу», — деди Темирбекова Kloop.kgге берген маегинде.

Ал Би-би-си сураган сумма «бир топ ири» болгондуктан Кыргызстан азырынча жарнама кампаниясын төлөп бере албастыгын кошумчалады.

«Кыргызстан мындай суммадагы каражатты табат деп ойлобойм. Сумма өтө эле чоң, мындай каражатка мен Кант шаарын деле жарнамалоого даярмын. Биз чындыгында жарнамаланышын каалап жатабыз, бирок Кыргызстандын бюджетинде андай каражат жок, ошондуктан биз макулбуз дештин кереги жок. А алардын өз кардарларынын тармагын кеңейткилери келип жаткандыгы туура», — деген пикирин билдирди ал.

Чиновник Би-би-си кызматы үчүн канча каражат сурагандыгын айтуудан баш тартты.

Министрдин орун басарынын айтымында, Би-би-си Кыргызстан жөнүндө бир нече видеотасма тартууну сунуштаган — Би-би-синин кызматкерлери видеороликти тартуунун алдында кампанияда негизги басымды эмнеге жасоо керектигин аныктоо үчүн «олуттуу» изилдөө жүргүзүү убадасын беришкен.

«Негизги артыкчылык — алардын аудиториясы 360 миллион адамды түзгөндүгүндө. Мындай мүмкүнчүлүктөр менен пайдаланып калуу — Кыргызстан үчүн бакыт болмок», — деп өкүндү Темирбекова.

Азырынча Kloop.kgнин кабарчылары комментарий алуу үчүн Би-би-синин өкүлдөрү менен байланыша алышкан жок.

Авторлор: Улан Мырза жана Айшоола Айсаева