Аскаров жөнүндөгү тасмадан улам кинофестивалдын уюштуруучуларына кол салышты [+ видео]

Белгисиз аялдардан турган топ өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров жөнүндөгү тасманы көрсөтпөө талабы менен «Бир Дүйнө» кинофестивалынын уюштуруучуларына кол салды.

19-сентябрь күнү эртең менен жети аялдан турган топ «Манас» кинотеатрында өтүп жаткан укук коргоо багытындагы «Бир Дүйнө Кыргызстан» кинофестивалына кирип барышкан.

Кинофестивалдын уюштуруучуларынын айтымдарында, аялдар залга кирип ызы-чуу башташып, фестивалдын директору Төлөйкан Исмаилованын келишин талап кылышкан.

Алар 21-сентябрь күнү көрсөтүлүшү керек болгон өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров жөнүндөгү тасманын кинофестивалдын программасынан алынышын талап кылышкан.

«Уюштуруучулар сүйлөшүүлөргө барууга даяр болчу, алардын дооматтары менен талаптарын угуп, бардык маселени жөнгө салгылары келген. Бирок чагымчылардын максаты ызы-чуу чыгарып, көчөдөгү коомчулук менен жаштардын көңүлүн буруу болгон. Алар фестивалдын уюштуруучулары менен директорун каргап-шилешти», — деп жазылган укук коргоочулардын билдирүүсүндө.

Андан соң аялдар кинофестивалдын уюштуруучуларынын бири Мария Колесникованын колунан фотоаппаратын жулуп алышып, андагы сүрөттөрдүн бардыгын өчүрүп салышкан. Уюштуруучулардын айтымдарында, белгисиз аялдардын бул аракеттери иш-чаранын уюштуруучуларынын дарегине айтылган уят сөздөр жана мазактоолор менен коштолгон.

Өз кезегинде «Бир Дүйнө» фестивалынын жетекчилиги кол салгандарга карата чара көрүү өтүнүчү менен шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Мелис Турганбаевге жардам сурап кайрылышкан.

«Сиздерден бизди, бардык көрүүчүлөр менен уюштуруучуларды «ОБОН» тобунун кол салууларынан коргоп, аларды административдик жоопкерчиликке тартууңарды өтүнөбүз», — деп жазылган билдирүүдө.

Kloop.kgнин кабарчысы комментарий алуу үчүн азырынча кол салгандар менен байланыша алган жок.

Уюштуруучулардын билдирүүлөрү боюнча, ал аялдар менен Ленин РИИБсинин милицонерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Чуулуу тасма

Азимжан Аскаров — 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө орун алган улуттар аралык жаңжал маалында милиционерди өлтүргөн деген күнөө менен өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу.

Ал жөнүндөгү тасманы быйыл «Бир Дүйнө» кинофестивалында көрсөтүү чечими кабыл алынган. Бирок көрсөтүүгө бир нече күн калганда тасма алгач саясатчылардын тобун кабатырлантса, эми белгисиз аялдардын кыжырын келтирип жатат.

Саясатчылар журналисттер менен болгон жулугушууларында тасма кыргыздар менен өзбектердин ортосунда улуттар аралык кагылышуунун күчөшүнө алып келиши мүмкүн деген божомолдорун билдиришкен.

«Ал жаралар дагы деле айыга элек, кайрадан козгоп эмне кереги бар? Азыр адамдарга позитивдүү нерселер көп керек. Этникалык жана адеп-ахлактык жагынан караганда тасманы көрсөтпөш керек деп эсептейм», — деген өзүн саясий талдоочу деп тааныштырган Жолборс Жоробеков.

Бирок укук коргоочу Светлана Баштовенко тасма улуттар аралык кастыктын күчөшүнө алып келбейт деп эсептейт.

«Тасманы көрүү кастыктын күчөшүнө алып келбейт жана кандайдыр бир глобалдуу өзгөрүүлөргө прецедент болбойт. Мен аны сандырак кеп деп ойлойм», — деди Баштовенко.

Соттолгон укук коргоочу

Азимжан Аскаров — укук коргоо органдарындагы кыйноолор менен күрөшкөн Жалал-Абад облусунан чыккан этникалык өзбек.

Ал милиция тарабынан 2010-жылы өлкөнүн түштүгүндө орун алган кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы жаңжал маалында кармалган.

Ал «улуттар аралык араздашууну тутандырган» жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду өлтүргөн деп айыпталган.

Аскаров 2010-жылы алгач төмөнкү инстанциядагы сот тарабынан, андан кийин Кыргызстандын Жогорку соту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган.

Эл аралык амнистия» уюму баш болгон бир топ укук коргоочу уюмдар Аскаровду куугунтуктоону сынга алышкан – алар чечим милиция кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүнүн негизинде чыгарылгандыгын, жана укук коргоочуга карата «кыйноолор колдонулуп», анын иши боюнча процесс олуттуу мыйзам бузуулар менен коштолгондугун билдиришкен.

Алардын бардыгы тең 2010-жылдагы улуттар аралык жаңжал маалында милиция кызматкери Сулайманов каза болгон Базар-Коргон айылындагы көпүрөдө укук коргоочу болбогондугун айтып жатышат.

Бирок Кыргызстандын соттору бүгүнкү күнгө чейин кайра ачылган жагдайлар боюнча ишти жандандыруудан баш тартып келишет.

Аскаров жаза мөөнөтүн Бишкектеги №47 абакта өтөп жатат.

Авторлор: Эльдияр Арыкбаев жана Александра Ли