Күйдүргү дартынын бир нече учуру катталгандыктан ветеринардык кызмат Талас облусунун аймагында мал ташууга карантин киргизди. Дарыгерлер аталган ооруга шектелип ооруканага жаткырылган адамдар айыгып бараткандыктарын билдирип жатышат.
Ветеринардык кызмат Талас облусунун аймагына карантин киргизди, бул өз кезегинде малдын ары-бери ташылышын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет.
Дарыгерлер мындай кадамга облус боюнча күйдүргү оорусуна шектелип 9 киши ооруканага жаткырылгандан кийин барышты.
Талас облусунда ооруканага жаткырылгандардын абалдары «нормалдуу» деп бааланып жатат — деп билдирди Эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Динагүл Оторбаева Kloop.kgге берген маегинде.
Дарыгер катуу ооругандар катталбагандыгын, ооруканага жаткырылгандар азыр дарылануу курстарын аяктап жаткандыктарын билдирди.
«Алар дарылануу курстары аяктаса эле чыгышат. Алгач шектенүү болгон, анан лабораториялык ырастама», — деди Оторбаева.
Саламаттыкты сактоо министрлиги 11 адамдын ооруканага жаткырылганын билдирип жатат — мекеменин басма сөз кызматы күйдүргүгө шектелип ооруканага жаткырылгандардын саны боюнча маалыматтарда айырмачылыктардын бар экенин мойнуна алууда.
«11 адамга күйдүргүнүн тери формасы деген диагноз коюлган», — деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.
Ал 11 адамдын жетиси ооруканадан чыкканы жатышат, а калган төртөө азырынча дагы деле дарыланып жатышат.
Мекеменин версиясы боюнча, оорунун жугушуна күйдүргү менен ооруган малдын союлушу себеп болгон. Учурда дарыгерлер үймө-үй кыдырып, эмидемияга каршы иш-чараларды өткөрүп жатышат.
Күйдүргү — Эл аралык медициналык-санитардык эрежелер боюнча өзгөчө коркунучтагы инфекцияардын тизмесине кирген жаныбарлар менен адамдардын жугуштуу оорусу.
Күйдүргү оорусу, өзгөчө анын өпкө же ичеги формасы болсо, өлүмгө чейин алып барышы мүмкүн. Тери формасында заманбап дарыларды колдонуу менен дарыланып айыгып кетүүгө мүмкүн.
Автор: Мария Гребнева