Юристтер Атамбаевдин Аскаров жөнүндө айткан сөздөрүн «сабатсыз» деп аташты

Укук коргоочулар менен юристтер президент Алмазбек Атамбаевдин өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров жөнүндөгү билдирүүсүн сынга алышып, анын сөздөрүн «сабатсыз» деп аташты.

Атамбаев 19-сентябрь күнү журналисттер менен болгон жолугушуусунда өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун эркиндикке чыгуусуна жардам бериши үчүн ага анын «күүнөөсүздүгүнүн кандайдыр бир далилдери керек» экенин билдирди.

«Аны [Аскаровду] эркиндикке чыгарыш үчүн күнөөсүз экендигинин кандайдыр бир далилдери болуш керек да. Эки киши өлтүрүлгөн. Аны Аскаров кылгандыгын конкреттүү айтып жаткан күбөлөр бар. А азырынча анын күнөөсүздүгүнүн бир дагы далилин колума ала элекмин», — деп жазган 24.kg маалымат агенттиги президенттин айткандарын.

Kloop.kgнин редакциясы тарабынан сурамжыланган юристтер менен укук коргоочулар өлкө башчысы колдонгон «күнөөсүздүктүн далили» деген сөз айкашын сабатсыз жана аны уятка калтырган сөз деп аташты.

«Ал Аскаровдун күнөөсүздүгүнүн далилин эч ким алып келип берген жок деп президент үчүн өтө эле сабатсыз сөз айтты, бул сөз менен ал өзүн уятка калтырды десек да болот [...] Бизде жазыксыздык жоромолу бар, күнөөлүү экенин далилдеш керек, а күнөөсүздүгүн далилдөөгө эч ким милдеттүү эмес», — деп түшүндүрдү юрист Нурбек Токтакунов Kloop.kgге берген маегинде.

Ал Атамбаевдин «сабатсыздыгына» президенттин өзү гана эмес анын айланасындагылар да күнөөлүү экенин кошумчалады.

«Айланасындагылардын милдети — мындай каталардын болбошу үчүн ага түшүндүрүү. Демек алар ага мындай эскертүү айтышкан эмес, анын айланасындагылар, юридика бөлүмү президент мындай сабатсыз нерселерди айтып, өзүн уят кылсын деп атайын жасап жатышат, же болбосо алар өзүлөрү да билишпейт», — деп эсептейт Токтакунов.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова да ушундай эле пикирде. Ал Атамбаев Аскаров өлтүргөн деп күнөөлөнгөн адамдардын санын туура эмес, бир кишинин ордуна эки киши деп айтып койгонун белгиледи.

«Канча адам өлтүрүлгөндүгүн билбегендиги бул президенттин күнөөсү эмес. Президенттин кабардар болбогондугу анын командасына жараша болот, демек анын командасы начар иштейт», — деди ал.

Өз кезегинде юрист Осунбек Жамансариев президенттин юриспруденция тармагында адис эмес экенин айтып, аны актап жатат.

«Ал тигил же бул тармактын адиси катары сүйлөбөйт да, ал президент, жалпысынан бардыгына түшүнүктүү болгудай жөнөкөй сөздөр менен сүйлөшү керек. Ал далилдөө бөлүмүндө Аскаровго карата далилдердин бар экенин, а актоо мүнөзүндөгү документтердин жок экенин айткысы келген. Эгер сотто отурсак бир жөн эле, а мындайда адистик сөздөрсүз эле түшүндүрсө болот да», — деп эсептейт ал.

Жамансариев Атамбаевдин «жумушу көп» болгондуктан Аскаровдун иши боюнча канча адам өлгөндүгүн президент так эстеп кала алган эмес деп божомолдоодо.

«Эки адам өлгөн деп айтып жатышы — анда [президенттин аппаратында] иштер, маселелер көп болуш керек, ошондуктан ал баарын так эстеп кала алган эмес», — деди юрист.

Комментарий алуу үчүн президенттин аппаратынын басма сөз кызматы жеткиликсиз болууда.

Kloop.kgнин кабарчысы президенттин басма сөз катчысы Кадыр Токтогуловго телефон чалганда ага номурдан жаңылып калгандыгын билдиришти.

Соттолгон укук коргоочу

Аскаров — укук коргоо органдарындагы кыйноолор менен күрөшкөн Жалал-Абад облусунан чыккан этникалык өзбек.

Ал милиция тарабынан 2010-жылы өлкөнүн түштүгүндө орун алган кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы жаңжал маалында кармалган.

Ал «улуттар аралык араздашууну тутандырган» жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду өлтүргөн деп айыпталган.

Аскаров 2010-жылы алгач төмөнкү инстанциядагы сот тарабынан, андан кийин Кыргызстандын Жогорку соту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган.

Эл аралык амнистия» уюму баш болгон бир топ укук коргоочу уюмдар Аскаровду куугунтуктоону сынга алышкан – алар чечим милиция кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүнүн негизинде чыгарылгандыгын, жана укук коргоочуга карата «кыйноолор колдонулуп», анын иши боюнча процесс олуттуу мыйзам бузуулар менен коштолгондугун билдиришкен.

Алардын бардыгы тең 2010-жылдагы улуттар аралык жаңжал маалында милиция кызматкери Сулайманов каза болгон Базар-Коргон айылындагы көпүрөдө укук коргоочу болбогондугун айтып жатышат.

Бирок Кыргызстандын соттору бүгүнкү күнгө чейин кайра ачылган жагдайлар боюнча ишти жандандыруудан баш тартып келишет.

Аскаров жаза мөөнөтүн Бишкектеги №47 абакта өтөп жатат.

Автор: Александра Ли