ФАП менен бала бакча суу жана күн энергиясын алат

 

Оштун Ноокат районунун Кашкалдак айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна микро ГЭС жана фотоэлектрдик станция орнотулду. Бул болсо дары-дармек сактаган муздаткычтардын жана жарыктын үзгүлтүксүз иштеп турушун камсыздайт.

Ноокаттын Кашкалдак жана Айбек айылдарында 6 миңден ашуун калк жашайт. Мындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу орто эсеп менен күнүнө 60тай бейтапты кабыл алат. Кыргызстандын башка айылдарындай эле, бул айылда да электр үзгүлтүккө учурап турарын жергиликтүүлөр айтышат. Бул кырдаал медициналык жардам көрсөтүүнү кыйындатарын улук медайым  Бүалима Усенова баяндады. Электр өчкөндө дары-дармектерди сактоонун түрдүү ыкмаларын пайдаланууга аргасыз болушканын айтты.

Бүалима Усенова
Бүалима Усенова

«Свет өчкөндө  муздаткычта сакталган  вакциналарды карап турчубуз. Электр жанбаса, 4 сааттан кийин жерге көмчүбүз. Болбосо, вакциналардын сапаты кетет. Кичи ГЭС ишке түшсө, мындай түйшүктөрдөн арылабыз»,-дейт Б.Үсенова.

Ал эми жергиликтүү бала бакча тарбиячысы Жылдыз айым электр өчкөндө балдарга тамакты от жагып казан асышчу болсо, эми альтернативдик электр булактары ишти жеңилдетерин белгилейт:

«Сүйүнүп жатабыз. Эми очокко ышталбай, күн жана суудан алынган электр менен тамак бышырсак болот экен. Жарык өчүп калганда ушул жабдыктардын жардамы тийчүдөй»,- дейт бала бакча тарбиячысы.

Электр жабдуусу
Электр жабдуусу

Күн жана суу кубаты менен иштеген электр станциялары жакынкы күндө Бириккен улуттар уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча программасынын (ЮНИДО) алкагында орнотулду.

Альтернативдик энергия булактарын пайдалануу демилгесине жергиликтүү калк да колдоо көрсөткөнүн айыл башчы Советбек Мырзаков маалымдады.

«Айыл тургундары акча топтоп, каражат фотоэлектр станциянын айланасын тосууга жумшалды. Ишти ашар жолу менен айыл тургундары өздөрү аткарышты. Свет жок мезгилде  муздаткычтарыбыз иштебей, дарылар жарабай калчу. Буйруса гидро ГЭСтин жардамы менен 4 бөлмөнү жылытууга болот. Азыркы учурда күн жана суу батареясы ишке кирди»,- деди Советбек Мырзаков.

айыл баш
Советбек Мырзаков

Анткен менен күн батареясы аба-ырайы бузулганда иштебей калса, суу электр станциясы үчүн суу үзгүлтүксүз болуп турушу зарылдыгын белгилешти адистер.

ЮНИДОнун Кыргызстандагы өкүлү Болот Батинов маалымдагандай, өлкө түштүгүндө 5 микроГЭС курулган.

«Бир микроГЭСти курууга орто эсеп менен 5-6 миң АКШ доллары сарпталат. Курулуш материалдар Кытайдан алынат. Сапаты 10-20 жылга чыдайт»,- деди Б.Батинов.

Болот Батинов
Болот Батинов

Альтернативдик энергетикага жол ачуу аркылуу айылдык ФАПтардагы алгачкы медициналык  жардамды жакшыртуу долбоорун БУУнун 4 агенттиги 2010-жылдан бери ишке ашырып келатканын кошумчалады.

«Долбоорго  БУУнун Бирдиктүү программасынын алкагында 665 миң АКШ доллары бөлүнгөн. Долбоорду ишке ашырууга Энергетика, Саламаттыкты сактоо министрликтери жана бейөкмөт уюмдар өнөктөш болууда»,- деди ЮНИДОнун Кыргызстандагы өкүлү Болот Батинов.

Автор: Гүлзар Осмонали кызы

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева