Юрист депутаттар жактоочулук лицензияны сынаксыз эле алууну каалап жатышат

Парламент депутаттарга жактоочулук лицензияны атайын сынак тапшырбай эле алууга уруксат бере турган мыйзам долбоорун кабыл алды. Сурамжыланган депутаттар менен юристтер бул боюнча ар башка пикирлерин билдиришүүдө.

Парламент тарабынан жактырылган мыйзам долбооруна ылайык, юридикалык билими бар депутаттар жактоочулук лицензияны атайын профессионалдык квалификация сынагын тапшырбай эле ала алышат.

Мыйзамдын күчүнө кириши үчүн президент Алмазбек Атамбаевдин кол коюуусу гана калды.

Ушул кезге чейин Кыргызстанда жактоочулук лицензия алууну каалагандардын бардыгы тең квалификациялык сынактан өтүүлөрү керек болгон.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери депутаттар Курмантай Абдиев, Тынчтык Шайназаров жана Кожобек Рыспаевдер, комментарий алуу үчүн алар жеткиликсиз болуп жатышат.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде эмне себептен депутаттар жактоочулук лицензияны сынак тапшырбай алышы керектиги түшүндүрүлгөн эмес.

Депутат Өмүрбек Абдрахманов жактооочулук ишмердүүлүк үчүн лицензия алуудагы шарттар бардык жарандар үчүн бирдей болушу керек деп эсептейт.

«Бул дискриминация, баардыгы үчүн бирдей шарт болушу керек. Биздин бийлик өзүн гана жакшы көрөт — акчаны да жана башка жеңилдиктерди да өздөрүнө көп алышат. Эми бул жерде да бийлик кызматкерлери үчүн өзгөчө кылгылары келип жатат. Баардыгы үчүн бирдей критерий болушу керек да», — деп эсептейт ал.

Анын пикири менен парламентарий Азамат Кангельдиев макул эмес. Ал кесиптештеринин демилгесин колдойт жана сынак тапшырууну ашыкча деп эсептейт.

«Мен мунун ашыкча процедура экенине ишенем. Сынак тапшыруу жолу менен алгандарды деле билем жана алардын деңгээлдерин анчалык деле жакшы деп айтууга болбойт», — деди Кангельдиев.

Юристтер дагы көз караштары жагынан бир пикирде эмес. Жактоочу Азизбек Турдалиев депутаттар деле лицензия алгысы келген башка адамдардай эле бирдей шарттарда сынак тапшырышы керек деп эсептейт.

«Депутат болгон үчүн эле аларга аттестацияны квалификациялык комиссия жок берүүгө кантип болсун? Жеке менин оюмда бул негизи эле туура эмес», — деди ал.

Анын кесиптеши Шарабдин Токтосунов башкача пикирди карманат.

«Эгер депутаттын юридикалык билими болсо албетте ала алат [лицензияны]. Адам сынак берип өтүп, бирок эч нерсе билбеши деле мүмкүн, а мисалы кээ бирлери сынак тапшыра албай калышкан, бирок башкаларга караганда жакшы иштешет. Жактоочу деген судья же тергөөчү эмес да, бул жерде карама-каршылык жок», — деп эсептейт юрист.

Автор: Александра Ли