Белгисиз адамдар Аскаров жөнүндөгү тасманын көрсөтүлүшүн үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышты [+ 7 видео]

Нааразы болгондордун тобу «Бир дүйнө» кинофестивалында укук коргоочу Азимжан Аскаров жөнүндөгү тасманын көрсөтүлүшүн үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышты. Милиция тасма башталганда экранды тосуп, тоскоолдук кылгандарды сахнадан түшүрдү.

Милиция нааразы болгондорду сахнадан түшүрүп жатат:

http://www.youtube.com/watch?v=q-kAYZnYkN8

Видеонун автору: Эльдияр Арыкбаев

Казакстандан келген укук коргоочу Асия Калиева нааразы болгондор менен милицияга кайрылып жатат:

http://www.youtube.com/watch?v=m-msAJpkBWw

Видеонун автору: Эльдияр Арыкбаев

Болжол менен 10 кишиден турган топ соттолгон укук коргоочу Азимжан Аскаров жөнүндөгү документалдуу тасманын көрсөтүлүшүн үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышты. Иш-чара 21-сентябрь күнү саат 14:00 «Манас» кинотеатрында башталган.

Тасма көрсөтүлүп баштаганда 10 киши сахнага, экрандын алдына чыгып, көрсөтүүнү токтотууну талап кылышкан.

Милиция кийлигишкен соң алар сахнадан түшүштү, бирок Kloop.kgнин кабарчысы Эльдияр Арыкбаев билдиргендей, алар залдын ичинде калышып, тасманы көрсөтүүнү токтотуу талаптарын айтып кыйкырууларын уланта беришкен.

Укук коргоочу Асия Калиеванын залдагы көрүнүш боюнча берген маеги:

http://www.youtube.com/watch?v=weGfpeGHrNg

Видеонун автору: Эльдияр Арыкбаев

Көп өтпөй милиция тасманы көрүүгө тоскоолдук кылгандарды эшикке чыгара баштады.

«Милиционерлер кыйкырып аткандарды эшикке чыгарып жатышат. Залдын жарымын чыгарып салышты», — деп билдирди Kloop.kgнин кабарчысы Александра Ли окуя болуп жаткан жерден.

Аскаров жөнүндөгү тасманын көрсөтүлүшүн үзгүлтүккө учуратуу аракеттерине карабастан ал баары бир аяганы чейин көрсөтүлдү.

Kloop.kgнин кабарчыларынын баамында, көрсөтүү маалында залдан болжол менен 40тай киши чыгарылган.

Милиция кызматкерлери алардын төртөөсүн милиция деген жазуусу жана номурлары жок унаа менен алып кетишти.

Милиция Kloop.kgнин журналистине нааразы болгондорду жеке унаа менен алып кетип бара жаткандыктарын тартууга тыюу салып жатат:

http://www.youtube.com/watch?v=3p1AxLRXnFw

Видеонун автору: Александра Ли

Нааразы болгондор Kloop.kgнин журналисттери менен сүйлөшүүдөн баш тартып, «Манас» кинотеатрынан кетип жатышат:

http://www.youtube.com/watch?v=hnim3dh3iXo

Видеонун автору: Александра Ли

Эртең менентен эле даярданып башташкан

Нааразы болгондордун алгачкылары «Манас» кинотеатрына эртең менен эле келе башташкан.

Алардын бардыгы тең Kloop.kgнин кабарчысы Гүлжан Турдубаева менен болгон сүйлөшүүлөрүндө каршы болуп жаткан тасманы көрө электиктерин мойундарына алышкан.

CE312A57-B09F-4A3E-8CEA-ABF00B06AC26_mw800_s1

Кинофестивалдын уюштуруучуларынын биринин айтымында, эртең менен белгисиз адамдар «Манас» кинотеатрынын маңдайына жумурткаларды ыргытып кетишкен.

Нааразы болуп жаткандар акцияга өз каалоолору менен келгендиктерин билдиришип, журналисттерге кимдин кызыкчылыгын көздөп, кимдин таламын талашып жаткандыктарын айтуудан баш тартышты.

Өз кезегинде милиция кинофестивалды кайтарууну күчөткөн. Бирок Kloop.kgнин кабарчысы Александра Ли билдиргендей, милиционерлер «Манас» кинотеатрынын алдындагы тизилүүсүндө «эч нерсе кылбай, көз салып гана туруу» буйругун алышкан.

Аскаров жөнүндөгү тасма

19-сентябрда, фестивалдын алгачкы күнү да белгисиз аялдардын нааразычылык акциясы менен коштолгон, анын жүрүшүндө акция катышуучулары уюштуруучулардын бирине кол салышкан.

Анда фестиваль өтүп жаткан жерге үн күчөткүч менен жети аял келип, кинотеатрдын ичине кирүүгө аракет кылышкан болчу.

Алар программадан Азимжан Аскаров жөнүндөгү тасманын алынышын талап кылышкан.

«Азимжан Аскаров» тасмасы:

http://www.youtube.com/watch?v=pbZdfc3UT8g

Видео: кинофестивалдын алгачкы күнүндөгү нааразычылык:

http://www.youtube.com/watch?v=Cmzc0jpcv-c

Аскаров — Кыргызстандын түштүгүнөн чыккан этникалык өзбек — өзүнүн укук коргоочулук ишмердүүлүгү менен белгилүү, көбүнчө ал укук коргоо органдарындагы кыйноолорго каршы күрөшүп келген.

Бирок 2010-жылы болгон кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы улуттар аралык кагылыштан көп өтпөй ал милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду өлтүргөн деген айып менен кармалган болчу.

Азимжан Аскаров, 2011-жылдын декабры.
Азимжан Аскаров, 2011-жылдын декабры.

Аскаров милиционерди өлтүрүүгө катышкандыгын ар дайым четке кагып келген, бирок ага карабай соттун бардык баскычтары тарабынан ага карата өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган.

Бүгүнкү күндө ал жаза мөөнөтүн Бишкектеги абактардын биринде өткөрүп жатат.

Кыйноолор жана «адилетсиз» сот

Аскаровдун кесиптештери соттогу далилдердин бардыгы тең жалаң милиционерлердин көрсөтмөсүнөн куралгандыгын айтышып, сот процессин олуттуу сынга алышкан.

Ошондой эле Аскаров өзү дагы кармалгандан кийин алгачкы айларда милиция тарабынан ырайымсыз кыйноолорго туш болгондугун айтып, бир нече жолу даттанган болчу.

Бул жылдардын аралыгында Кыргызстандын бийлиги Аскаровдун иши боюнча комментарий берүүдөн карманып, жарытылуу деле түшүндүрмө бербей келет — мисалы, президент Алмазбек Атамбаев ар дайым сот бийлигинин аракеттерине баа бере албастыгын айтып келүүдө.

Негизги сүрөттө: милиционер нааразы болуп жаткандардын бирин залдан чыгарып жатат. Автору: Гүлжан Турдубаева