Ош: мамлекеттик тилге калаа казынасынан миллион сом бөлүнгөн

Оштук депутаттар аптанын ар бейшемби күнүн “ Кыргыз   тили күнү“ катары  белгилөөнү сунуштоодо. Бул күнү мамлекеттик тилге арналган акциялар, иш-чаралар өтмөкчү.

Ош  шаарынын  Сулайман-Тоо  этегинде   23-сентябрь  - “Кыргыз  тили”  күнү салтанаттуу белгиленди. Боз  үйлөр  тигилип, улуттук тамактар,  кийимдер  жана   буюмдар   көргөзмөгө    коюлду.

Шаардагы орус, өзбек, кыргыз  тилдүү мектептердин  окуучулары жасаган  дубал  гезиттердин,  сүрөттөрдүн  көргөзмөсү болду. Майрамда окуучулар кыргыз  тилинде  көркөм  окушту, улуттук  ыр-бий аткарып, “Манас” айтышты.

Тил майрамы мэриянын   мамлекеттик    тилди   колдоо  бөлүмү  тарабынан уюштурулуп, жылдык жалпы иш-чараларга калаа казынасынан 1 млн сом  бөлүнгөн.

Кыргыз  тилде улуттук  ыр-бий аткарылып, “Манас” айтылды
Кыргыз тилде улуттук ыр-бий аткарылып, “Манас” айтылды

№44  орто  мектептин  окуучусу  Надира  Абдуллаева  мыкты көркөм окуп, белек алды.

”Мен  абдан  кубанычтамын. Мындай  майрамдарга жылда катышам.   Бүгүн белекке саат алдым”,-дейт Надира.

Кыргыз   тилине салым кошкон мугалимдер да сыйлык алышты.

Тилла Талканбаева  бул  тармакта  20  жылдан  бери  иштейт.

“Биздин  мектеп   тогуз   жылдык   экендигине   карабай, окуучуларыбыз  мыкты  жыйынтыктарга  жетишип  отурат. Бүгүнкү  сыйлыкты  алганда  өзүмдүн мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө салымым бар экенин сездим”,- деди Т.Талканбаева.

Кыргыз тили жана адабияты мугалими Тилла Талканбаева
Кыргыз тили жана адабияты мугалими Тилла Талканбаева

Ош  шаардык  кеңешинин  депутаты Нуркыз Кадырбек кызы Кыргызстанда  жашаган  ар  бир  жаран  мамлекеттик  тилди билүүсү керектигин белгиледи.

“Биз, депутаттар, жаӊы  сунуш  киргизип  жатабыз. Анда  аптанын ар бейшемби күнүн “Кыргыз   тили   күнү“ деп   белгилеп, бул күнү ар түрдүү   акцияларды өткөрөбүз”,- деди Н.Кадырбек кызы.

Кыргыз тили түрк тилдеринин курамына, анын ичинде кыргыз-кыпчак тобуна кирет. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили – кыргыз тили. Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам 1989-жылдын 23-сентябрында кабыл алынган.

Автор: Үмүтай Жума кызы

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева