Укук коргоочулар кинофестивалдагы «чагымчылык» аракеттерди иликтөөгө чакырып жатышат

«Бир Дүйнө Кыргызстан» кинофестивалынын уюштуруучулары менен калыстар тобу укук коргоочу Азимжан Аскаров жөнүндөгү тасманын көрсөтүлүшүн үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышкан «чагымчылардын» аракеттерин иликтөө өтүнүчү менен милицияга кайрылышты.

«Бир Дүйнө Кыргызстан» кинофестивалынын уюштуруучулары 21-сентябрь күнү Азимжан Аскаров жөнүндөгү тасманын көрсөтүлүшүн үзгүлтүккө учуратууга аракет кылган белгисиз адамдардын кылгандарын иликтөө өтүнүчү менен парламент төрагасына жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысына арыз менен кайрылышты.

http://www.youtube.com/watch?v=q-kAYZnYkN8

«Радикалдуу жаштардан турган топ «Кыргыздар, эмне көрүп отурасыңар, залдан чыгып кеткиле» деп кыйкырып, тасманын көрсөтүлүшүн үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышкан. Алардын аракети коомдук тартипти бузду жана көрүүчүлөргө опуза болду», — деп жазылган билдирүүдө.

Фестивалдын уюштуруучусу, укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова парламент төрагасын бул ишти Жогорку Кеңеште карап чыгууга чакырып, ШИИБнин башчысынан милициянын кинофестивалдагы аракеттери боюнча отчетун сурады.

Укук коргоочулар Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылышкан, бирок милициядан «түрдүү саясатчылар менен опузалардан» коркуп жаткандыктарын билдиришкен.

«Ленин РИИБсинин кызматкери мага: “Биз коркуп атабыз. Эгер иш сотко чейин жетсе бизге ар кайсы саясатчылар чалып, коркутуп башташат” деп айтты», — деди Исмаилова милициянын айткандарын кайталап.

http://www.youtube.com/watch?v=3p1AxLRXnFw

Азырынча милиция укук коргоочулардын бул билдирүүлөрү боюнча эч кандай комментарий бербей эле.

«Жалданма чагымчылар»

Укук коргоочулардын айтымдарында, кинофестивалга барган демонстранттар — 2005-жылдан бери бир нече нааразычылык акцияларына катышып келген «жалданма чагымчылар».

«2005-жылы Жогорку соттун имаратын басып алуудан кийин кол салууга катышкандардын дагы көптөгөн агрессивдүү акцияларга катышкандыктары байкалган. Андан кийин алар «криминал авторитеттерин» колдогон митингге катышып, укук коргоо уюмдарынын иш-чараларын үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышкан», — деп жазылган фестивалдын уюштуруучуларынын билдирүүсүндө.

http://www.youtube.com/watch?v=m-msAJpkBWw

Кинотеатрдын залына кирип баруудан сырткары буга чейин фестивалдын социалдык түйүндөрүндөгү эккаунттарына, уюштуруучулардын электрондук даректерине коркутуп-үркүтүү сөздөрү жазылган билдирүүлөр да жөнөтүлгөн.

«Кечээ мага “Сен өткөндөгү тасма үчүн жооп бересиң” деген смс-билдирүү келди. Мында өткөн жылы көрсөтүүгө тыюу салынган «Мен мусулманмын, мен геймин» деген марроколук тасма жөнүндө сөз болуп жатат», — деди Исмаилова.

21-сентябрь күнү «Манас» кинотеатрында өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров жөнүндөгү тасманын көрсөтүлүшү үзгүлтүккө учураганга аз калган.

Белгисиз адамдардан турган топ сахнага чыгып, экранды тосуп, тасманынын көрсөтүлүшүн токтотууну талап кылышкан.

Алар милиция тарабынан залдан чыгарылган болчу, көрсөтүүнү үзгүлтүккө учуратуу аракеттерине карабастан тасма аягына чейин көрсөтүлгөн.

http://www.youtube.com/watch?v=pbZdfc3UT8g

Автор: Хлоя Гейне