Жол кырсыгынан кийин депутат Жолдошева ооруканага кайрылды

Парламентарий Жылдызкан Жолдошева Бишкектин борборундагы жол кырсыгынан акырегин кокустатып алды. Милициянын версиясы боюнча, кырсыкка башка бир унааны арт жагынан барып сүзгөн депутаттын айдоочусу күнөөлүү.

Бишкек ШИИБсинин басма сөз кызматынын улук тескөөчүсү Олжобай Казабаев Kloop.kgге берген маегинде унаа кырсыгы 21-сентябрь күнү Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынан алыс эмес жерде болгонун билдирди.

Анын айтымында, унаа кырсыгына башка бир унааны арт жагынан барып сүзгөн депутаттын айдоочусу күнөөлү — муну соттук экспертиза ырастаган.

«Соттук-техникалык экспертизанын корутундусу боюнча эл өкүлүнүн айдоочусу күнөөлүү болуп чыкты», — деп билдирди басма сөз кызматтын өкүлү.

Айтымында, кырсык болоору менен зыян тарткан унаанын айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткен, учурда аны издөө иштери жүрүп жатат.

«Ал белгисиз себептерден улам окуя болгон жерден качып кеткен, анын күнөөсү жок болсо эмнеге качып кеткенин эч ким билбейт», — деди Казабаев.

Жолдошова унаанын арткы отургучунда болгон, берки унаа менен сүзүшкөн маалда ал оң акырек жагын кокустатып алган. Депутат жардам сурап №4 ооруканага кайрылган.

Анын айдоочусу менен жол кырсыгынын экинчи катышуучусу канчалык деңгээлде оор жаракат алгандыктары азырынча белгисиз.

Бул боюнча комментарий алууга азырынча Жолдошева жеткиликсиз болуп жатат — депутаттын телефонун алган бегисиз аял Kloop.kgнин кабарчысына эч кандай жол кырсыгы «болбогондугун» айтып, Жолдошева менен «баары жайында» экенин билдирди.

Автор: Александра Ли