АФК президентинин кубогу: «Дордой» 0-1 КРЛ

Бишкектин «Дордой» клубу АФК президентинин кубогу үчүн болгон футболдук мелдеште пакистандык КРЛ клубунан жеңилип калды. Бул өз кезегинде Кыргызстандын чемпионунун финалга өтүү мүмкүнчүлүгүн бир топ оорлотуп койду.

«Дордой» менен КРЛ клубдары Президенттин кубогунун финалдык бөлүгүндөгү В тобунун программасын ачты.

Мелдештердеги буга чейинки ийгиликтерин эске алганда Кыргызстандын чемпиону бул беттеште фаворит болуп эсептелген, бирок Пакистандын командасы оюндун алгачкы мүнөттөрүндө эле катуу каршылык көрсөтүп баштады.

Клубдар оюндун эки жарым бөлүгүндө тең топ үчүн тайманбай бирдей күрөш жүргүзүштү, бирок беттештин бүтөөрүнө 14 мүнөт калганда КРЛдин чабуулчусу Калимулла акыры «Дордойдун» бекем коргонуусун бузуп, айып белгисинен беттештеги жалгыз голду жарата алды.

«Дордойдо» өзгөчөлөнүүгө бир нече мүмкүнчүлүк болгон, бирок пакистандык дарбазачы Сакиб Ханифанын мыкты оюнунан улам кыргызстандык клубдун бир дагы чабуулу ийгилик менен жыйынтыкталган жок.

Ханиф беттештин 45-мүнөтүндө дарбазасын Мирлан Мурзаевдин талаанын оң жаккы бөлүгүнөн узаткан кооптуу соккусунан куткарды, а 71-мүнөттө Каюмжан Шариповдун сол тараптан чыга калып тепкен тобун тосуп койду.

Бул оюндагы жеңилиши «Дордойдун» финалдык бөлүккө өтүү мүмкүнчүлүктөрүн бир топ эле оорлотуп койду.

Эми «Дордой» 25-сентябрда болчу Палестинанын чемпиону «Хилал Аль-Кудс» клубуна каршы оюнунда сөзсүз жеңишке жетиши керек. Бирок кыргыз клубунун финалдык бөлүккө өтүүсүнө бул дагы жетишсиз болуп калышы мүмкүн — ал үчүн палестиналык клуб КРЛди жеңип, аны менен катар «Дордойдо» киргизилген топтор менен кое берилген топтордун эң жакшы айырмасы болушу зарыл.

Муну менен катар А тобунда да бир оюн болуп өттү, анда Түркмөнстандын чемпиону болгон «Балкан» клубу «Три Стар» деген аталыштагы непалдык клубду 6:0 эсебинде утуп алды.

Автор: Бектур Искендер