Өзбекстандын жараны кыргыз чек арачылары тараптан атылган октон бутуна жараат алды. Чек арачылардын версиясы боюнча, ал чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган. Учурда жарадар болгон аял ооруканада, анын абалы канааттандыраарлык деп бааланууда. Окуя боюнча Аскер прокуратурасынын Баткен гарнизону иликтөө жүргүзүп жатат.
Окуя 21-сентябрь күнү Баткен облусунун Кадамжай районундагы Жийде-Арык деген жердеги кыргыз-өзбек чек арасында болгон — бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара аскерлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматы боюнча, Өзбекстандын үч жараны Айдаркен чек ара отрядынын эскертүүсүнө карабастан чек араны бузуп өтүүгө аракет кылышкан.
«Мамлекеттик чек араны бузгандар чек арачылардын эскертүүлөрүнө көңүл бурбай Кыргызстандын аймагына тереңдеп кирип келишкен. Чек арачылар тарабынан мамлекеттик чек араны бузуучулар тарапка ок атылган, андан улам жарандардын биринин бутуна ок тийген», — деп жазылган Чек ара кызматынын пресс-релизинде.
Окуядан кийин жараат алган аял Кадамжай райондук ооруканасына жеткирилген. Учурда анын абалы канааттандыраарлык деп бааланып жатат.
Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Сажира Чоколоева Kloop.kgге берген маегинде мамлекеттик чек арадан «мыйзамсыз өткөн» берки эки аял Өзбекстандын аймагына кирип жашынып калгандыктарын билдирди.
«Алар жаңы гана өтүшкөн да, мамлекеттик чек арадан анча алыс эмес болушчу. Анан жарадар болгон аялга жардам бергенче алар Өзбекстандын аймагына качып кирип кетишкен», — деди ал.
Ишти Аскер прокуратурасынын Баткен гарнизону иликтеп жатат — анын өкүлдөрү азырынча комментарий беришпей эле.
Бул кыргыз-өзбек чек арасындагы жаңжалдын жыйынтыгында коңшу өлкөнүн жарандары жабыр тарткан биринчи окуя эмес.
Үстүбүздөгү жылдын июль айында Жалал-Абад облусунда кыргыз жана өзбек чек арачылардын ортосундагы ок атышуудан Өзбекстандын нөөмөтчү аскери каза болгон.
Чыр Кыргызстандын чек арачылары Жалал-Абад облусунун Жетизагара деген жеринен үч аскер кызматкерин көрүп калышкандан кийин башталган. Бийликтегилердин версиясы боюнча, алар кыргыз аймагына «мыйзамсыз киришкен».
Кыргызстандын Мамлекеттик Чек ара кызматынын билдирүүсү боюнча, кыргыз чек арачыларынын өлкө аймагынан чыгуу талабына өзбек аскер кызматкерлери баш ийбей, кайым айтыша кетишкен, кийинчерээк ал ок атышууга чейин жеткен. Анын жыйынтыгында өзбек чек арачыларынын бири каза болуп, бири жараат алган.
Анда өзбек бийлиги тескерисинче, кыргыз чек арачылары алардын аймагына кирип кеткенин билдирген болчу.
Автор: Александра Ли